«Ала-Арчада» парламенттин кезексиз жыйынында кворум чогулду

Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйынында кворум чогулду. Мыйзам боюнча кворум болушу үчүн 120 депутаттардын 60тан кем эмеси чогулушу керек. Бирок жыйын башталбай жатып, төрага Мыктыбек Абдылдаев фракция лидерлери менен сүйлөшүп алуу үчүн залдан чыгып кетти.

Жогорку Кеңештин спикери Мыктыбек Абдылдаев буга чейин журналисттерге кворумду чогултуу биринчи маселе экенин белгилеген. Кворум чогулгандан кийин гана Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны ачылып, күн тартиби бекий турганын айткан.

Учурда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутатарынын кезексиз жыйыны болуп жатат.

Абдылдаев ошондой эле күн тартибине кайсы маселелер киргизилгенин так айта албастыгын, себеби күн тартиби кворум чогулгандан соң гана бекитилерин белгиледи. Ошондой эле, премьер-министрликке кимдин талапкерлиги көрсөтүлүп жатканын ачык айта албастыгын билдирди.

Анткен менен вице-спикер Аида Касымалиева кезексиз жыйында премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги каралышы ыктымалдыгын айтты. Анткени анын колундагы күн тартибинде өкмөт башчылыкка кимдин көрсөтүлүп жатканы так жазылган программа жок.

Касымалиева буга чейин «Достук» мейманкасында өткөн ЖК депутаттарынын кезексиз жыйынында эл өкүлдөрүнүн бир бөлүгү Садыр Жапаровдун талапкерлигин премьер-министрликке көрсөткөнүн айтты. Андыктан бүгүнкү күн тартибинде премьер-министрликке конкреттүү түрдө ким көрсөтүлүп жатканы так жазылбаганын белгиледи.

Азыр белгилүү болгон күн тартибинде өкмөттүн курамын жана түзүмүн бекитүү каралганын кошумчалады.

Касымалиева «Достукта» болгон жыйынга катышып, Садыр Жапаровдун талапкерлигин өкмөт башчылыкка көрсөтүүнү колдогонун айткан. Бирок кечээ фейсбук барагына мурдагы оюнан кайтканын жана премьерликке Жапаровдон башка киши көрсөтүлүшү керектигин жазган.

Ал эми депутат Алтынбек Сулайманов азырынча аларга күн тартиби таратылып берилбегенин, андыктан чынында кайсы темалар карала турганы боюнча маалыматы жок экенин билдирди.

Алдын ала жарыялангын күн тартибинде үч маселе каралары жазылган. Алар жаңы депутат Арзыбаев Ныязбектин ант берүүсү, Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү президенттин жарлыгын кароо жана өкмөттүн курамы менен түзүмүн бекитүү.

9-октябрда төрт партия — «Ата Мекен», «Бир Бол», «Реформа» жана «Республика» премьерликке Өмүрбек Бабановду жана биринчи вице-премьерликке Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин көрсөтөрүн жарыялашты.

Ал ортодо депутат Дастан Бекешев премьер-министрликке Канат Исаевдин дагы талапкерлиги каралып жатканын билдирди.