Аида Касымалиева өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдон башка талапкер көрсөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева парламенттеги көпчүлүк коалицияга премьер-министрликке Садыр Жапаровдон башка талапкерди сунуштоого чакырды.

Ал буга чейин депутаттардын бир бөлүгү «Достук» мейманканасына чогулганда премьерликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдогон болчу. Алардын арасында Касымалиева дагы болгон. Ал мындай чечимин ошол учурда өлкөдө тынчтык жана туруктуулук болсун жана Жапаров бийлик менен оппозициянын ортосунда көпүрө боло алат деп ишенгенин белгиледи. Бирок акыркы күндөрү болгон окуялар анын жеке адамдык сапаттарына карабастан терс тарабына өнүккөнүн айткан депутат учурда коомчулуктун жарымы анын талапкерлигин колдобой турганы ачыкка чыкканын билдирди.

«Элдик ишенимдеги өкмөттүн жана коомдук ынтымакка шарт түзгөндүн ордуна көпчүлүктү иренжиткен нерсени пайда кылабыз. Анын премьер-министр болуп дайындалышы коомдун мындан ары да силкинүүсүнө себеп болот», — деп жазды ал.

Касымалиева ошондой эле, мындай кооптуу кадамга барбоого чакырып, буга чейин Садыр Жапаровду премьерликке көрсөтүүнү колдогон парламенттеги көпчүлүк коалицияны ал чечимин өзгөртүүгө чакырды.

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулары айтылуда. Ал жакта премьер-министрликке талапкер болгондор каралып, чечим кабыл алынары айтылууда.

Буга чейин 9-октябрда төрт партия — «Ата Мекендин», «Республиканын», «Бир Болдун» жана «Реформанын» лидерлери «Акыркы үмүт» деген саясий бирикме түзүп, премьерликке Өмүрбек Бабановдун, биринчи вице-премьерликке Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин көрсөтөрүнө билдиришкен болчу.

Төрт партия биригип "Акыркы үмүт" деген меморандумга кол койду

Бишкекте төрт партия биригип "Акыркы үмүт" деген меморандумга кол койду. Алар "Республика", "Ата Мекен", "Бир Бол", "Реформа".

Posted by Kloop кыргызча on Thursday, October 8, 2020

9-октябрда аталган партиянын тарапташтары Бишкектин ар кайсы жеринде чогулуп, түштөн кийин Ала-Тоо аянтына келишкен. Бирок эски аянттагы өкмөт үйүнүн алдындагы Садыр Жапаровдун айрым тарапташтары борбордук аянтка келип, чогулгандар жаңжалдаша кеткен. Анын кесепетинен Тилек Токтогазиев башынан жаракат алып эс-учун жоготкон. Ал Улуттук госпиталга жеткирилип, бир аздан кийин өзүнө келген. Дарыгерлер анын абалын туруктуу деп баалашууда.

Андан сырткары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун машиналарына ок тийген. Ошондой эле, Темир Сариевдин жан сакчысы делген киши демонстранттардын ур-тепкисине алынган. Дагырелер анын абалы оор экенин билдиришкен.

Бишкек шаарында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп 5-октябрда бир катар партиялардын тарапташтары митингге чыгып, 6-октябрдын түнүндө Ак үйдү жана бир катар мамлекеттик мекемелерди басып алышкан. Ошондон бери митингдердин арты үзүлө элек.