УКМК Алмазбек Атамбаев менен анын эки жансакчысын кармады

Алмазбек Атамбаев Бишкектеги митинг учурунда. 9-октябрь

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 10-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын жансакчылары Дамир Мусакеевди жана Канат Сагынбаевди кармады. Алар Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө колго түшкөн.

«АкиПресс» басылмасы кабарлагандай, алар Бишкекте массалык башаламандык уюштуруу фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалышкан. Аталган ишти УКМК менен ИИМ биргеликте тергеп жатат. Мекемеден учурда окуяга катышуусу бар тараптардын ким экенин тактоо жана издөө иш-чаралары уланып жатканын белгилешти.

Дээрлик эки саат мурун, Атамбаевди кармоо үчүн аскер техникалары Кой-Таш айылын көздөй баратканы тууралуу маалымат тараган. Соцтармактарга тараган видеодон аскер техникалары жана күч түзүмдөрү анын резиденциясы жактан шаарды көздөй кайтып жатканын көрүүгө болот.

Ошондой эле атайын кызмат Атамбаевдин кеңешсичи Фарид Ниязовду да кармады.

9-октябрда Бишкекте бир нече саясатчылар жана алардын тарапташтары, ошондой эле жарандык коомдук өкүлдөрү митинг өткөрүп, жөө жүрүшкө чыгышкан.

Саясатчы, премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаровдун тарапташтары өкмөт үйүнүн алдында чогулуп, анын бийлигин мыйзамдуу деп таанууну талап кылышкан.

Ошондой эле «Форум» имаратынын алдында Атамбаевдин тарапташтары жыйын өткөрүшкөн. Аларга Бабановду колдогондор келип кошулуп, эки тарап Ала-Тоо аянтына чейин жөө келишкен.

Мындан сырткары, Ала-Тоо аянтына жарандык активисттер Эркиндик бульварынын басып келишкен. Алар жүрүштү өлкөдөгү криминалдык топтор жараткан «туруксуздаштыруу менен башаламандыкка» жооп катары сыпатташкан.

Атамбаев, Бабанов жана алардын тарапташтары, жарандык коом Ала-Тоо аянтында тынчтык митинг өткөрүп жатканда аларга Жапаровдун тарапташтары келип кошулушкан. Көп өтпөй митингчилерди көздөй таш жана бөтөлкөлөр ыргытылып, ок да атылган. Атамбаев анын унаасына белгисиз киши бир нече жолу ок чыгарып, анын өмүрүнө кол салганын айтып чыкты. Мындан сырткары, кагылышууларда «Ата Мекен» партиясынын талапкери Тилек Токтогазиев башынан жаракат алган.

Жеринде иштеген журналисттердин айтымында, демонстранттарга кол салгандар Жапаровдун колдоочулары болгон.

Мөөнөтсүз митинг

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча, добуштардын көбүн президенттин иниси талапкер болгон бийликчил «Биримдик» партиясы жана Матраимовдордун кланы менен байланыштуу делген «Мекеним Кыргызстан» алган.

Шайлоонун жыйынтыктарына жана массалык эреже бузууларга саясий партиялар да, ошондой эле көптөгөн кыргызстандыктар да нааразы болуп, 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыгышкан.

Ошол эле күнү кечинде митинчилерди кууп таркатуулар башталып, тынчтык митинги кагышууларга айланып кеткен жана анын натыйжасында Ак үй басылып алынып, айрым саясатчылар абактан бошотулган.

Анын ичинде Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Равшан Жээнбеков жана Садыр Жапаров да бар.