УКМК Зилалиевди тергөө абагына кайтарды, ал башаламандык учурунда бошотулган болчу

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы маалымдагандай, УКМКнын кызматкерлери мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди кармады.

Учурда Зилалиев УКМКнын ТИЗОсунда. Мурдагы вице-премьер УКМКнын тергөө изоляторунан 6-октябрга караган түнү болгон массалык башаламандык жана парламенттин имараты басылып алынгандан кийин бошотулган.

Зилалиев юристтеринин өтүнүчүнүн негизинде бошотулган. Кактус.Медиа басылмасы кабарлагандай, судья Сатырбек уулу Максат Зилалиевге үй камагында болууга жана биринчи талап менен сотко келүүгө уруксат берген.

Зилалиев Жогорку Кеңештин имараты басылып алынгандан кийин митингчилер тарабынан бошотулгандардын бири болгон. 6-октябрга караган түнү тергөө абагынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министр Сапар Исаков жана экс-депутат Садыр Жапаров да бошотулган.

Бир катар депутаттардын тобу Жапаровду премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматына дайындаса, башка эл өкүлдөрү бул чечимдин легитимдүүлүгүнө дагы деле күмөн санашууда. Айрым парламентарийлердин нааразычылыктарына карабастан, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери жана вице-спикер Мирлан Бакиров Жапаровду министрлер кабинетинин башчылыгына дайындоо тууралуу парламенттин токтомуна кол койгон.

Дүйшөнбек Зилалиев 2018-жылы декабрда «мыйзамсыз баюуга» шектелип кармалган. Ал убакта аткаминерден декларацияга кирбеген 1 млн доллар, батирлер, кеңсе орун жайлары жана зер буюмдары табылган. Ошол эле учурда Зилалиевдин жана жубайынын расмий кирешеси кыйла аз болгон.

2020-жылдын 5-октябрында Биринчи май райсоту Зилалиевди күнөөлүү деп таап, аны тогуз жыл эркинен ажыраткан, ошондой эле аны үч жылдык мөөнөткө чейин мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыраткан.