«Ордо» партиясынын лидери Чүй облусунун башчысы болуп дайындалды

Мияров

«Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматты билдирди.

«Чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды», — деп жазылат маалыматта.

Облустун буга чейинки башчысы Алтынбек Намазалиев өкмөт башчы Садыр Жапаровдун буйругу менен кызматынан бошотулган.

Мияров 36 жашта, ал аталган облустун Жетиген айылынан. Ал жетектеген «Ордо» партиясы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламентик шайлоодо шайлоочулардын 0,18% добушун алган.

5-октябрда бир нече күнгө созулган мөөнөтсүз митинг башталган. Демонстранттар 4-октябрдагы парламенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдиришип, жыйынтыкты жокко чыгарууну талап кылышкан. 6-октябрга караган түнү Ак үй басып алынып, андагы техника, эмеректер талкаланган. Ошондой эле өрт чыккан.

Бул окуядан соң 6-октябрда жер-жерлерде митингдер өтүп, көпчүлүк облус жетекчилери жана бир катар мамкызматкерлер кызматтан кеткен. Ал эми кийинчерээк учурдагы өкмөт башчы Садыр Жапаров премьердин милдетин аткаруучу болуп дайындалганда алардын айрымдары кызматтарына кайтып келишкен.