РБК: Орусия Кыргызстанга каржылык колдоосун убактылуу токтотту

Орусия Кыргызстанга карата каржылык колдоосунун бардык түрүн убактылуу токтотот. Бул тууралуу Орусиянын РБК басылмасы Каржы министрлигиндеги булагына таянып жазды. Кийинчирээк бул маалыматты Орусиянын федералдык аткаминерлеринин бири тастыктаган.

«Кыргыз Республикасындагы кырдаалга жараша каржылык жардам саясий абал турукташканча жана бийлик органдарынын иштери калыбына келгенге дейре токтотулду», — деп түшүндүрдү анын бири.

Кыргызстандагы Tazabek басылмасы жеке булкатарына таянып, Орусия Турукташтыруу жана Өнүктүрүү Евразиялык Фондунун (ТӨЕФ) Кыргызстандын бюджетине көмөк катары бериле турган 100 млн долларлык кредиттин берилишин создуктуруп жатат деп билдирген. Насыя 2020-жылдын 7-октябрына чейин келип түшүшү керек болчу.

Буга чейин 2020-жылдын 11-августунда Кыргызстан менен ТӨЕФтин ортосунда, өлкөнүн бюджетин колдоо максатында, 1% менен 20 жылдык мөөнөткө $100 млн кредит бөлүп берүү тууралуу келишим түзүлгөн. Парламент 2020-жылдын 3-сентябрында келишимди ратификациялап, президент Сооронбай Жээнбеков 21-сентябрда кол койгон. 2-октябрда келишим Орусия тараптан бекитилген.

«Мындан тышкары, аскер кызматкерлерин колдоо жана бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн Орусиядан Кыргызстанга жыл сайын кайтарымсыз 50 млн доллар грант бөлүнүп турган. Аны менен берге Орусия “Газпром-нефть Азия” үчүн каржы которуулары боюнча чектөө киргизди, тагыраагы бир жолку которууда 1 млн долларга чейин. Буга чейин акча которууларга мындай чектөөлөр жок болчу», — деп билдиришти Tazabekтен.

Орусия Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) башкы үлүшчүсү болуп саналат. Азырынча ЕТӨФтүн жардамы чын эле токтотулганы белгисиз, бирок РБКнын маалыматы боюнча, Москва фонддун уставдык капиталынын 88% көзөмөлдөйт.

Саясатчы жана Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов дагы фейсбук барагында бул маалымат боюнча пикирин билдирип, «Москва кыргыз дүрбөлөңүн токтотууга аракет кылууда» деген оюн айткан.

«Кыргызстандын башаламандыкка батып, кылмыш топторунун бийлиги алдында калбашына таасир этүү максатында, Кремлдин жалгыз гана конвенционалдык ыкмасы калды. Ал аны колдонуп жатат - финансылык жардамдын убактылуу токтотулушунун негизинде», – деп жазган Дубнов.

Анын айтымында, премьер-министрлик кызматка төңкөрүшчүл топтордун колдоосу менен абактан бошонгон Садыр Жапаровдун дайындалышы, анын президент Жээнбековдун отставкасын талап кылышынан улам, өкмөт башчынын артында УКТ турат деп айтууга толук негиз бар. Дал ошол УКТ алсыз бийликти көз-көрүнөө шантаж кылып жатат.

«Баарынан да, Жапаров өзү аларды “үчүнчү күчтөр” деп атаганы кызык болууда… Чындыгына келсек, криминал Кыргызстанды эбактан бери эле башкарып жатат», – деп билдирди саясий серепчи.

Киргизская Санта-БарбараUPD Решение об отставке, принятое сегодня пятым президентом Киргизии Сооронбаем Жээнбековым...

Posted by Аркадий Дубнов on Wednesday, October 14, 2020

РБКнын маалыматы боюнча, Кыргызстанга финансы менен ачык жардам берүү тууралуу акыркы жолу 2019-жылы кабарланган. Анда Орусия кайтарымсыз 30 млн доллар берген. 2018-жылдын февралынан бери Кыргызстандын 2005-жылдан берки 700 млн доллардан ашуун карызы жоюлган. 2012-жылдан бери Москва Бишкекке 250 млн доллардан ашык суммага кайтарымсыз гранттарды берген.

Жапаровдун дайындалышы

Кыргызстандын парламенти 14-октябрда үчүнчү жолку аракетинен кийин Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка бекитти. Депутаттар бул чечимдиэми гана мыйзамдаштырышты. Айрым депутаттар Жапаровдун дайындоосуна байланыштуу аларга коркутуулар болгонун айтып чыгышкан.

Ошол эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков, премьерди кызматка бекитүү тууралуу буйрукка кол койгон.

Буга чейин Жапаров өзүн-өзү премьер-министрмин деп атап, бул кызматты бир нече күн ээлеп турду. Бирок, эл өкүлдөрү анын ээленген кызматы легитимсиз экенин айтып, аны бир нече жолу көтөрүп чыгышкан.

Жапаровдун тарапташтары аны абактан бошоткондон кийин 5 күн өткөн соң аны премьерликке көрсөтүшкөн.

Ал бошотулганга чейин 2013-жылы митингди каржылаган жана уюштурган деген айып менен колонияда жаза өтөп келген. Ошондо Жапаров күчөтүлгөн тартиптеги колонияга 10 жылга эркинен ажыратылган. Бирок, Жапаров бошогондон кийин Жогорку сот анын иши боюнча мурдагы сот чечимдерин жокко чыгарып, жаңы ачылган жагдайлардан улам кайрадан тергөөгө жөнөткөн.

Беш күнгө созулган саясий кризис

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместердин тынчтык митинги башталган. Саат 11ден тартып митинг тынч өткөн. Кечке маал нааразы тараптын айрымдары Ак үйдүн тосмосун жулкулдатып башташкан. Ошондон кийин гана, курал-жарагы жок, күнү бою көчөлөрдө тартипке көз салган укук коргоо кызматкерлери митингчилерди кубалай башташкан. Акциянын катышуучуларын күч менен таркатуу учурунда 19 жаштагы бала жарадар болуп, көз жумган.

Күч кызматкерлери суу аткычтарды, резина окторду, газ, үн чыгаруучу гранаталарды колдонушкан. Ал эми митингчилер аларды көздөй таш ыргытып, союлдарды колдонушкан. Түн жарымдан кийин күч салмагы ооп, митингчилер парламенттин имаратын басып ала алышкан. Ал убакта эки тарапта тең жарадар алгандар болгон.

Андан соң демонстранттар УКМКга барып, дарбазасын талкалашкан, ал эми атайын кызматтан жаңжалдын кереги жоктугун айтып, жергиликтүү ТИЗОдон мурдагы президент Атамбаевди бошотуп беришкен. Андан кийин Атамбаевдин тарапкерлери анын үзөңгүлөштөрүн, Сапар Исаковду жана мурдагы жансакчыларын бошотушкан.

Ошол эле учурда Атамбаевге оппозициячыл маанайдагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары аны абактан бошотууга үлгүрүшкөн. Андан кийин алар Жапаровду борбордук аянтка алып келип, премьер-министрлик кызматка дайындоо талабын айтып чыгышкан.

Агрессивдүү эркектерден турган топ 10-октябрга чейин Жапаровдун премьер болушун талап кылып, аянттан кетпей коюшкан. Алар дүкөндөрдү талап-тоноого, журналисттерге кол салууга аракет кылышкан. Ал эми 9-октябрда оппозициянын жана УКТга каршы тынчтык митингинин катышуучуларына кол салышкан. Алардын катарында Алмазбек Атамбаев жана ага тиешеси жок оппозициячыл жаш саясатчылар дагы болгон.

Эки митингдин кагылышуусунда Атамбаевдин автоунаасына белгисиз адам төрт жолу ок чыгарган. Садыр Жапаров, ок атууну Атамбаев өзү уюштурган деп билдирген.