Ош шаарынын тургуну Самара Абдыкеримованын уулу Тоюланга үч жашында аутизм диагнозу коюлган. Абдыкеримова уулунун башка балдарга кошулбай, сүйлөбөй, өзүнчө болууну жактырганын байкап дарыгерге кайрылган.

Ошондо аутизмди дарылоого мүмкүн эместигин, бирок АВА терапиянын жардамы менен коомго аралаштырууга, өзүн-өзү тейлөөгө, тамга таанытып, окутууга болоорун билген. Кыргызстанда расмий эмес статистика боюнча 1000ге жакын аутист бала бар. Бирок алардын саны алда канча көп. Диагнозду тастыктоочу балдар психиаторлору жетишсиз болгондуктан аймактарда дарт дээрлик аныкталбайт.

Бул тасмадан аутизм деген эмне, аутист баланы тарбиялаган ата-энелер кандай кыйынчылыкка туш болушат, өзгөчө балдарды социалдаштыруу үчүн кандай шарттар түзүлүшү керек деген суроолорго жооп таба аласыздар.

Тасманын авторлору: Элвира Султанмурат кызы, Дастан Үмөтбай уулу

Бул тасма «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну автордун жоопкерчилиги болуп саналат жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын билдирбейт.