Парламент үчүнчү аракеттен кийин гана Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка бекитти. Депутаттар бул чечимди президент Сооронбай Жээнбековдун кыйытып айткан буйругунан соң легитимдештирди.
Башка талапкер болгон жок. Ошого карабастан жыйынга катышкан 83 депутаттын 83ү Жапаровго «макул» деп добуш беришкен.
Өкмөттүн жаңы жана эски мүчөлөрү тууралуу
Садыр Жапаров чогулган депутаттарга өзүнүн көз карашына туура келген министрлер кабинетин тааныштырды. Кыргыз өкмөтүнүн курамы төмөндөгүдөй:
Артем Новиков — биринчи вице-премьер-министр. Сапар Исаков жетектеген өкмөттө Экономика министрлигин башкарган. 2020-жылдын башынан тартып өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кеңешчиси катары иштеп, бул кызматта анын отставкасына чейин отурган.
Равшан Сабиров — вице-премьер-министр. Жетинчи чакырылыштын депутаттарын шайлоого Ташиевдин «Мекенчил» партиясынан алгачкы ондукта аттанган. 2012-жылы Социалдык өнүгүү министрлигин башкарып, коррупцияга аралашкандыгы үчүн күчөтүлгөн тартиптеги колонияга беш жылга эркинен ажыратылган. Көп өтпөй мунапыс аркылуу боштондукка чыккан.
Максат Мамытканов — вице-премьер-министр. «Чоң казат» партиясынын активдүү мүчөсү. Шайлоого аталган партиянын тизмесинде биринчи болуп катышкан. Мамыткановдун атайын кызматта иштегени белгилүү.
Аида Исмаилова — вице-премьер-министр. Ал «Республика — Ата Журт» фракциясынан алтынчы чакырылыштын депутаты болгон, 2020-жылдын апрелинен тарта Мухаммедкалый Абылгазиевдин министрлер кабинетинде вице-премьер-министр болуп иштеген.
Исмаилова Республикалык штабда коронавирус менен «төмөн деңгээлде» күрөшкөнү үчүн кызматтан алынган Алтынай Өмүрбекованын ордуна келген. Бирок, ал дагы кесиптешинин жолун жолдоп COVID-19 жана ооруканадан тышкаркы пневмония менен натыйжалуу күрөшө албай, июль айында оорудан каза болгондор көбөйгөн.
Исмаилова августта кызмат ордун бошотуп, «Биримдик» партиясынан талапкер катары парламенттик шайлоого аттанган. Бирок, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгын соң, ал кайрадан Республикалык штабдын жыйындарына вице-премьер катары катыша баштаган.
Бактыбек Аманбаев — өкмөттүн аппаратынын башчысынын милдетин аткаруучу. Аманбаевдин саясий карьерасы жупуну: 2013-жылы Кыргызстандын акыйкатчысы болуп дайындалган. Ошол учурда бир тууган эжеси Урмат Аманбаева ЖКнын бешинчи чакырылышында «Республика» фракциясынан депутат болгон.
Кызматта турганда ЛГБТ топтордун укугун коргоону убадалаган, КР Жазык кодексиндеги кылмыш тууралуу жалган кабар таркатуу үчүн жазага тартуу мыйзамына каршы турганы белгилүү. 2015-жылы кызматынан бошотулган. Акыйткатчы-иниси кызматтан алынган соң, Урмат Аманбаевага коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, сот камакка алуу өкүмүн чыгарган. Кийин ал кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренесине алмаштырылган.
Аманбаев омбудсмендиктен кеткенден кийин кандайдыр бир чоң кызматты ээлегени боюнча маалыматтар жок. Бирок, ал саясий аренадан таптакыр жок болуп кеткен эмес.
Мисалы, ал коронавирус пандемиясына башталганда абактагылардын жана колониядагылардын санын убактылуу амнистиянын негизинде азайтуу керектигин ЖМКларда айтып чыккан. Ошондой эле, Кыргызстандын шайлоо системасын өзгөртүүнү сунуштаган.
Санжар Муканбетов — экономика министри. Ал 2019-жылдан бери Экономика министрлигин башкарып келет. Мурдагы премьер Абылгазиевден Бороновго мураска калган кадр. Мындан ары Жапаров менен иштешет өңдөнөт.
Кыялбек Мукашев — каржы министри. 2012-жылы Сабиров камакка алынгандан кийин Мукашев Социалдык өнүгүү министрлигин убактылуу жетектеп калган. Кийин Каржы министрлигинде экономика тармактарынын чыгымдарын пландоо бөлүмүнүн башчысы болгон.
Каржы министри кызматына башаламандыктардан кийин келди. Буга чейинки министр Бактыгүл Жээнбаеваны коллективи иштен кетиришкен. Анын ордуна идеалдуу башчы деп Мукешевди дагы өздөрү тандап алышты.
Эркинбек Чодуев — айыл чарба, азык-түлүк өндүрүшү жана мелиорация министри. Чодуев айыл чарба министрлигинде 2014-жылдан баштап, министрдин орун басары болуп иштеп келген. 2019-жылы Абылгазиевдин демилгеси менен жетектеген. Андан бери эки премьер-министр менен иштешкен.
Чодуевдин кызматка келээрдин алдында, ал Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевдин туугандары деген маалымат соцтармактарга тарай баштаган. Ал эми, аткаминер өзү тууганчылык байланышын төгүндөгөн.
Андан соң ал азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиеваны министрдин орун басарына кылып дайындаган соң анын аты дагы бир чыр-чатакта калкып чыккан. Кийинчирээк Башкы прокуратура Беккулиева Кытайга командировкага барып келиш үчүн өзүн-өзү кызматка койгонун билдирген.
Айрым маалымат боюнча, Чодуев парламенттин жетинчи чакырылышына «Кыргызстан» партиясынан барууну каалаган. Бирок БШКнын сайтындагы жыйынтыктоочу тизмеге анын аты кирген эмес.
Бакыт Бердалиев —транспорт жана жолдор министри. Жыйырма жыл ичинде өкмөттүн жана президенттин аппаратында, Транспорт министрлигинде бир катар кызматтарда эмгектенген.
2019-жылдын январынан тартып Транспорт жана жолдор министринин орун басары кызматын аркалап, Кыргызстанда акы төлөнүүчү жолдордун курулушун сүрөмөлөп жүргөн.
Марат Жаманкулов — 2018-жылдан бери Юстиция министрлигин жетектейт. Ага чейин өкмөттүн аппаратында экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын аппарат башчысы катары эмгектенген.
Руслан Казакбаев — тышкы иштер министри. Казакбаев ЖКнын алтынчы чакырылышында «Республика — Ата-Журт» фракциясынан депутат болгон. 2010-2012-жылдары тышкы иштер министри болуп иштөөгө үлгүргөн. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Республика» партиясы менен катышкан.
Улан Ниязбеков — ички иштер министри. Улан Ниязбеков ИИМдин каржылык чарба башкармалыгын башчысы болгон. 2016-жылы кайсыл бир ишкерден Ниязбековдун мыйзамсыз ишкердиги, тагыраагы жүк ташуучу унааларды сатуу менен алектенери жана опузалоого катышы бар экени тууралуу арыз келип түшкөн. Арыздануучунун айтымында, Ниязбеков ишкерди укук коргоо органдары тарабынан куугунтук болорун кыйытып, керек болсо жазалап, ал тургай кримтөбөл Көлбаев менен байланышы бар экенин айтып коркуткан.
Прокуратура мыйзам бузуу табылган жок, иштин мөөнөтү өтүп кетти деген жүйөө менен кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.
2014-жылы Ниязбеков кызматтан бошотулган. 2015-жылы парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясы менен катышып, талапкерлердин тизмесинде 30-орунда болгон. Болжол менен бир жарым жыл мурда ИИМдин 7-жашыруун башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.
Бообек Ажикеев — өзгөчө кырдаалдар министри. Буга чейин эмне иштер менен алектенгендиги тууралуу маалыматтар табылган жок. Бирок бир катар ЖМКларда, 2011-жылы Ажикеев КРнын президенттигине талапкер Камчыбек Ташиевдин түштүк борбордогу штабын жетектегени айтылат.
Андагы башаламандыкта Ажикеев облусту башкарып турган Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетишин талап кылган.
Алымкадыр Бейшеналиев — саламаттык сактоо министри. Медицина илимдеринин доктору, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын профессору. 2010-жылы «Ак Шумкар» партиясына мүчө болгон. Өмүрбек Текебаев, Темир Сариевдер менен бирге бакиевдик режимге оппозиция болуп жүргөн.
Алмазбек Бейшеналиев — Илим жана билим берүү министри. АКШдагы Джонс Хопкинс атындагы университетинде, Орто Азиянын тышкы саясаты деген сабак берип келген. 2018-жылдан баштап, Борбордук Азия регионалдык институтунун мүдүрү, ага чейин «Ала-Тоо» университинин проректору жана өкмөттүн аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген .
Улукбек Кочкоров — эмгек жана социалдык өнүгүү министри. Ал бул министрликти 2018-жылдан бери жетектеп келет. Ал буга чейин УКМКда иштеп, «Ата-Журттун» катарында бешинчи чакырылыштын депутаты болуп, «Жаңы доор» партиясынын башчысы болуп эмгектенген. Ошондой эле президенттик шайлоодо талапкерлигин коюп, Сооронбай Жээнбековго атаандаш болгон.
Кочкоров жетинчи чакырылыштын депутаттарын шайлоодо «Биримдик» партиясынын алдыңкы беш талапкеринин катарына кирген.
Жыргалбек Сагынбаев — Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы. 2019-жылдын сентябрында ушул эле комитеттин башчысынын орун басарлык кызматынан мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан бошотулган. Буга чйин ал «Ореми-Тяжэлектромаш» заводун жетектеген, «Кыргызкурулуш» компаниялар тобунун президенти болгон, Өнөр жай ээлеринин жана ишкерлердин бирикмесин жетектеген.
Алтынбек Исмаилов — Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин төрагасы. Президент аны 2020-жылдын июнь айында, Гарвардда билим алуу максатында кызматынан бошоп кеткен комитеттин мурунку башчысы Дастан Догоевдин ордуна дайындалган.
Кээ бир атка минерлерди Жапаровду премьерликке дайындаганга чейин эле кызматка коюшкан. Мисалы, бажынын жаңы жетекчиси, маданият министри жана өкмөттүн Нарын менен Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү.
Бажы кызматынын башчысы — Элнура Мамбетжунушева.
Мамбетжунушева МБКнын башчысы Алтынбек Торутаевдин ордуна келди. Өкмөттүн басма сөз кызматынын кабарлашынча, мындай чечим «бажы тармагындагы Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн “балдарын” кызматтан четтетүү жана алар түзгөн коррупциялык схемалардын жолун бууш» үчүн кабыл алынган.
Бул айым 45 жашта, Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган. Кыргыз техникалык университетин бүтүргөн, өмүр бою бажы тармагында түрдүү кызматтарды аркалап келгени белгилүү. Жапаров башчылыкка дайындаганга чейин, аталган тармактын башчысынын орун басары болчу.
Мамлекеттик бажы кызматынын башычысынын орун басары кызматына келгенге чейин бажы алымдарын төлөгөндүгү тууралуу жасалма документтерге байланышкан кылмыш ишинин алкагында каржы полициясы тарабынан кармалган. Ал кезде «Түндүк» бажы өтмөгүнүн башчысынын орун басары болуп турган.
2019-жылдын октябрында Мамбетжунушева «Манас» бажысынын мурдагы башчысы Замирбек Карашев менен бирге бажы кызматынын орун басарлыгына бекитилишкен. Анда ведомствонун басма сөз кызматы, Мамбетжунушева аталган кызматка дайындалса, демек каржы полициясы күнөөсүн далилдей алган эмес деп билдирген.
Маданият, маалымат жана туризм министри — Нуржигит Кадырбеков
«Мындай чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу, жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынган», — деп билдирди өкмөтүүн басма сөз кызматы.
Кадырбеков парламенттик шайлоого катышкан «Ыйман Нуру» партиясын жетектейт, ошондой эле мурдагы маданият министринин орун басары. Кадырбеков АКШдагы Канзасс университетинде журналистика жана массалык коммуникация факультетин аяктаган, мындан тышкары Жапонияда «эл аралык байланыш жана мамлекеттик башкаруу» багыты боюнча магистратураны бүтүргөн.
«Ыйман Нуру» партиясын «Мекеним Кыргызстан» партиясы жана Матраимовдордун кланы менен байланыштырышкан. Буга эки партиянын негиздөөчүсү Айбек Осмонов болгону себеп болгон. Осмонов «Мекеним Кыргызстан» тарабынан кысым болгону тууралуу партиянын бир нече мүчөсү билдиргенден кийин август айында лидерлик кызматтан кеткен. Андан кийин Кадырбеков лидер болуп шайланган.
Парламенттик шайлоонун алдында өткөн теледебаттарда Кадырбеков «Ыйман Нуру» партиясы Матраимовдор менен байланыштуу эмес экенин бир нече жолу айтып, партияда «акча такыр жок калса дагы, ал Матраимовдордон бир да тыйын албай турганын» билдирген.
Мындан тышкары, Кадырбеков «Азаттык», «Клооп» жана OCCRPнин Кыргызстандан бажыдагы коррупциялык схема аркылуу 700 млн доллардын чыгарылып кетиши тууралуу иликтөөсүнүн маанилүүлүгүн белгилеген. Бул журналисттик иликтөөдө Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн аты аталган болчу.
Буга чейин Кадырбеков ТИМдин басма сөз кызматынын башчысы жана президенттин администрациясында иштеген.
Сабыркул Ашимбаев — өкмөттүн Нарын облусунданы ыйгарым укуктуу өкүлү. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого Ашимбаев «Мекенчил» партиясынан 29-катарда, жумушсуз деп катталып барган.
Юстиция министрлигинин маалымат базасында «Кыргыз-Казак ABN жана Со» компаниясынын башчысы катары көрсөтүлгөн.
2010-жылы шайлоого Ашимбаев «Ата Мекен» партиясы менен барган. Ал кезде «Аалам» гезитинин башкы директору болуп турган.
Айбек Бусурманкулов — өкмөттүн Талас обусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Жарандык активист Бусурманкулов Таластагы Жерүй кенин улутташтыруу керектигин айтып чыккан. Премьер-министр Садыр Жапаров дагы Кумтөрдөгү мамлекеттин акцияларынын үлүшүн көтөрүү керектигин талап кылгандыгы белгилүү. Бирок, премьер-министрлик кызматка бекитилгенден кийин 10-октябрда, Кумтөрдү улутташтырууга зарылчылык жок, «алтын түгөндү» деп айткан.
Таластын милиционерлери Бусурманкуловду 23-июнда экс-депутат Болот Шер жерге берилгенден кийин дароо кармашкан. Активист эртеси Жерүйдү иштетүү боюнча жыйын өткөрүүнү пландаштырып жаткан. Кийинчирээк Талас облусунун ички иштер башкармалыгы уюштурулуп жаткан митинг жөнүндөгү маалыматтын негизинде, пандемия учурундагы «санитардык эрежелерди түшүндүрүп берип» жаткандыгы тууралуу айтышкан. Мындан мурун дагы УКМК Бусурманкуловду бийликти басып алууга чакырык таштоо жөнүндөгү кылмыш ишинин алкагында суракка алган.
Тексттин үстүндө иштегендер: Елена Короткова, Айдай Токоева жана Айгерим Рыскулбекова.