Билим министри болуп Жон Хопкинс университетинин профессору Алмазбек Бейшеналиев дайындалды

Алмазбек Бейшеналиев. Сүрөт: "Азаттык" / Улан Эгизбаев

Өкмөт башчылыкка бекитилген Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин башчысы Каныбек Исаковду кызматынан алды. Жаңы министр болуп Алмазбек Бейшеналиев дайындалды.

Бейшеналиев 39 жашта. Ал Германиянын Людвигсбург педагогикалык университетинин магистратурасын аяктаган. Кыргызстанга келип Жаш ишкерлер ассоциациясын негиздеген.

2012-жылы Польшанын Варшава шаарынын Вистула университетинде проректор кызматын аркалаган. 2013-жылдан тартып Жонс Хопкинс университетинде профессор болуп, сабак берип келет. 2018-жылга чейин өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүн жетектеп келген. Жаңы кызматка дайындалганга чейин Борбордук Азия регионалдык институтунун директору болгон.

Каныбек Исаков билим берүү министри болуп 2019-жылдын сентябрь айында дайындалган. Ага чейин Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп эмгектенген.

Ошондой эле ал 2012-2016-жылдары КСДП фракциясынан Ош шаардык кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон.

Исаков мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда отставкага кеткенден кийин келген.