Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты жол кырсыганан каза болду

Адылбек Абдуллаев

15-октябрда Бишкек — Ош жолунда катталган кырсыктан улам Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Адылбек Абдуллаев каза тапты. Абдуллаевдин артында үч уулу жана үч кызы калды.

«Турмуш» басылмасына Чүй облустук жол кайгуул кызматы маалымдагандай, Бишкек — Ош жолунда бара жаткан «Лексус» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унааны башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктан айдоочу жана 71 жаштагы жүргүнчү каза болгон.

Абдуллаев шаардык кеңешке «Бир Бол» саясий партиясынан шайланган.

Буга чейин 4-сентябрда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында жол кырсыгы катталып, сегиз адам каза тапкан — беш эркек, эки аял жана бир өспүрүм. Казарман айылы аркылуу Түндүк – Түштүк унаа жолу өтөт.