Садыр Жапаров Матраимов катаал жаза менен жоопко тартыларын айтты

Премьер-министр Садыр Жапаров 16-октябрда Кыргызстандыктарга кайрылып, кандай гана саясий фигура болбосун, эгер коррупцияга аралашса мыйзам чегинде жоопко тартылат деп ишендирди.

Ал өз сөзүндө коррупция менен күрөшүүгө эл дагы жардам бериши керектигин белгиледи.

«Барынан мурда 700 млн долларды Кыргызстандан чыгарып кетүүгө шектелген [Райым] Матраимов жана башка схемалуу коррупцяларды түзүп, элдин ырыскысына кол салган бардык тармактагы коррупционерлерди катаал жазалар менен жоопко тартабыз. Укук коргоо органдарына тийиштүү тапшырмалар берилди. Жакынкы убактарда ишибиздин жыйынтыгын көрсөтөбүз», — деди ал.

Жапаров ошондой эле, коррупция менен күрөшүү бул түрмөлөрдү толтуруу эмес, бул укук коргоо органдарына бардык укуктарды берүү эмес экенин айтып, коррупция менен күрөшүү бул жөнөкөй түшүнүктүү жана аткарылуучу мыйзамдар экенин жана ал баарына бирдей иштей турганын белгиледи.

Буга чейин Матраимовдор кланынын мүчөлөрүнө иш козголду деп «Чоң Казат» партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев айтып чыккан. Жапыкеев борбордо башаламандыктар күч алып, Ак үй басып алынган соң өзүн-өзү башпрокурорлукка дайындап алган эле.

Жапыкеев кылмыш иштери бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго гана эмес, президент Сооронбай Жээнбековго, анын иниси Асылбек Жээнбековго жана мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге да козголгонун жарыялаган.

Бирок «Ала-Арчада» 16-октябрда өткөн парламент жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Матраимовдордун үй-бүлө мүчөлөрүнө кылмыш иши козголбогонун билдирген. Ал журналисттердин «Сыймык Жапыкеев буга чейин башкы прокуратура тарабынан Асылбек Жээнбеков менен Райымбек Матраимовго кылмыш иши козголгон деп айткан. Ошол чындыкка жатабы?» деген суроосуна «Мен андайды көргөн жокмун, андай болгон жок» деп жооп кайтарган.

Матраимовдор деген ким?

Матраимовдордун үй-бүлөсү — өлкөдө эң таасирлүү кландардын бири. 2019-жылы майда «Азаттык» Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткени жана буга Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу иликтөө чыгарган. Кийинчерээк Матраимовдор каражаттардын чыгарылып кетишине тиешелери жоктугун айтып чыгышкан. Ал эми финпол журналисттер келтирген жүйөлөрдү текшерип, чет өлкөдө Матраимовдордун мүлкү табылбаганын билдирген.

2019-жылы күзүндө OCCRP, «Азаттык» жана Kloop «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу журналисттик иликтөөсүн чыгарып, кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын таасирлүү кыргыз аткаминери Райымбек Матраимов менен болгон байланышы жөнүндө айтып беришкен.

Журналисттердин маалыматчысы — Айэркен Саймаити — өлкөдөн 700 млн долларды мыйзамсыз чыгарып кеткенин мойнуна алып, чырмалышкан коррупциялык түйүн мурда бажы башчынын орун басары болуп турган Райымбек Матраимовдун жардамы менен түзүлгөн билдирген. Саймаити иликтөө чыгаарына 11 күн калганда Стамбулда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Ал Абдукадыр менен мамилеси бузулгандан кийин акыркы жылдары Стамбулда жашап жаткан.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев мураскери Сооронбай Жээнбеков менен өлкө башчынын Матраимовдор менен «дос болгону» үчүн эле араздашып кеткен өңдүү. Атамбаев Жээнбековду бир нече жолу Матраимовдор менен байланышы бар деп айыптап, ал эми Райымбек Матраимовду «Райым-Миллион» деп атаган.