УКМК: Бишкек ЖЭБинде коррупциялык схема аныкталды

Сүрөт: Гүлжан Турдубаева

17-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Бишкек Жылуулук электр борборунда коррупциялык схема аныкталганын маалымдады.

Аталган ведомствонун маалыматына ылайык, Бишкек ЖЭБ кызматкерлери мекемени көмүр менен камсыздаган ишканалардан акча алып турушкан. Ошондой эле, коррупциялык схема түзүп алышкан.

«Бишкек ЖЭБ жооптуу кызматкерлери лабораториядан көмүрдүн сапатына карата оң чечимин чыгаруу үчүн көмүр казуучу компаниялардын жеке ишкердик субъекттери менен алдын-ала макулдашып, акча каражаттарын ыйгарып алып турушкан. Бул коррупциялык көрүнүш Бишкек шаарынын ЖЭБ жабдууларынын эскиришине шарт түзүп, ошондой эле атмосферанын булганышына алып келген», — деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Аталган факт боюнча УКМКнын тергөө башкы башкармалыгы тарабынан «Коммерциялык паралап сатып алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Буга чейин борбор калаанын ЖЭБин реконструкциялоодо да коррупциялык иштер аныкталган болчу. 2018-жылдын 26-январында болгон авариядан кийин коррупция боюнча бир нече аткаминерлерге айып тагылган. ЖЭБдеги авариянын кесепетинен бишкектиктер өтө суук мезгилде бир нече күн жылуулугу жок калышкан. Бул аварияга чейин ЖЭБ модернизациядан өтүп, ага 386 миллион доллар сарпталган эле.