«Биримдиктин» ишин токтотууга негиз жок — партиянын басма сөз катчысы

«Биримдик» партиясынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев партиянын ишмердигин токтотуу үчүн «эч кандай негиз» жок деп эсептейт. Ал айрым саясий уюмдардын билдирүүлөрүнө карата фейсбук барагында ушинтип жооп берди. Мурдараак, «Реформа» партиясы «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Кыргызстан» партияларынын «аракеттери элдик көтөрүлүшкө алып келди» деп, аларды жоюуну талап кылып Юстиция министрлигине кайрылган.

Султаналиев саясий бирикмелердин ишмердиги жана аны токтотуу саясий партиялар жөнүндө мыйзамы менен тескелээрин белгиледи.

«15-беренеде саясий партия сот чечими менен мыйзам тарабынан тыюу салынган аракеттерди кылганда таркатылат. “Биримдик” партиясынын ишмердигин токтотууга кандайдыр бир негиз болгон эмес жана болбойт дагы», — деп жазган басма сөз катчы.

Султаналиев партия «кандайдыр бир далил жана негиз жоктугуна» байланыштуу «Реформа» партиясынын шайлоодо «Биримдик» тараптан мыйзам бузуу болду деген арызын чагым жана саясий бирикменин беделин түшүрүү аракети гана бааларын белгиледи.

«Белгилей кетчү нерсе, “Реформа” партиясынын мүчөлөрү кайрылган Юстиция министрлигинде партиялардын ишмердигин токтотуу ыйгарым укуктары жок, бул сот органдарынын гана иши. Бирок, бүгүнкү күндө сотко кайрылуу чүн дагы эч кандай негиз жок», — деп эсептешет «Биримдик» партиясынан.

«Реформанын» арызы

«Реформа» партиясынын өкүлдөрү 16-октябрь күнү Юстиция министрлигине арыз беришкен. Алар Конституция жана шайлоо мыйзамдары бузулгандыктан сотко «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» саясий партияларын жоюу жөнүндө токтом чыгарып берүүнү суранышууда.

Алардын пикиринде, үч партиянын мүчөлөрү добуштарды сатып алып, шайлоочуларды коркутуп, аларга кысым көрсөтүшкөн.

«Бюллетендерде алдын ала добуш берилген белгилер бар болгон. Партиялар шайлоочулардын паспортторун тартып алып, мажбурлоо менен алардын шайлоо дарегин алмаштырып жана өзгөртүшкөн. Жогоруда аталган партиялар аракеттери менен мамлекеттин демократиялык негиздерин бузуп, шайлоонун жана элдин конституциялык баалуулуктарынын маңызын бурмалашты», — деп билдиришти «Реформа» партиясынан.

«Реформа» үч партиянын шайлоодогу аракети «элдин көтөрүлүшүнө», жарандык согуш чыгуу жана Кыргызстандын жок болуу коркунучуна алып келди деп эсептейт.

Депутат Дастан Бекешев да ушундай эле ойдо. Эл өкүлү шайлоо мыйзамын өзгөртүүгө багытталган бир нече сунуштары менен кошо 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепкер болгон партияларды шайлоодон четтетүүнү да сунуштады.

«Реформа» жогоруда аты аталган үч партиянын мыйзам бузуулары тууралуу буга чейин да айтып келген. 7-октябрда «Реформа» баштаган 11 партия БШКга «Биримдик», «Мекеним Кыргызстана» жана «Кыргызстан» партияларынын мыйзам бузуулары тууралуу арыз беришкен. Анда БШК доомат койгон партияларды далилдерин Башкы прокуратура менен ИИМге өткөрнүп берүүнү сунуштаган.

«Биримдик» бийликчил партия катары таанылып келет. Партиядан депутаттыкка учурдагы чакырылыштын депутаты Асылбек Жээнбеков талапкерлигин койгон — ал шайлоо учурунда өлкөнү башкарып турган экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси.

«Мекеним Кыргызстан» партиясын бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштырышат — ал Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин биргелешкен иликтөөсүнүн фигуранты. Партиядан шайлоого депутат Искендер Матраимов аттанган болчу.

«Кыргызстан» партиясы 2015-жылы парламенттик шайлоодон утуп келген. 5 жыл аралыгында, саясий бирикме аткезчилик, админресурс колдонуу жана уюшкан кылмыштуулуукка байланышкан бир катар ири жаңжалдарда аты аталган.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жарандарды жана парламентке өтпөй калган партияларды канааттандырган эмес. 5-октябрда миңдеген кыргызстандык борбордук аянтка чогулуп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, аны кайра өткөрүү талабын коюшкан.

Шайлоо башталганга чейин эле бир нече ай мурда ЖМКлар менен күбөлөр партиянын мүчөлөрү тарабынан мыйзам бузуулар болуп атканын маалымдап башташкан. ЖМКлар саясий бирикмелер шайлоочуларды №2 формасы боюнча жапырт каттатып, админресурс колдонуп, аларга кысым көрсөтүп, ошондой эле уруксат берилбеген убакта үгүт жүргүзүшкөнүн жана партиянын пайдасы үчүн добуш алуу үчүн акча сунушташканын айтышкан.

6-октябрда БШК добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды. Ал эми 9-октябрда, парламент шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизген соң кайра өтө турган шайлоонун күнү 6-ноябрга чейин айтыларын билдирген.