Мамкүзөт, дарылоо жана пенсия. Экс-президенттик макам Жээнбековго кандай артычыкчылыктарды берет?

Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда президенттик ыйгарым укуктарын тапшырды. Жээнбеков кызматынан кеткенден кийин бир катар артыкчылыктарды бере турган экс-президент деген макамга ээ болду.

«Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, Жээнбеков өмүр бою берилүүчү акчалай жөлөкпулга, анын ичинде медициналык тейлөөгө ээ болот.

Мыйзам боюнча Жээнбеков жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргызстандын аймагында өмүр бою мамлекеттик күзөт кызматы тарабынан корголот.

Андан сырткары президент, жубайы жана жашы жете элек балдары акысыз медициналык тейлөө менен камсыздалат.

Жээнбековдун кол тийбестиги сакталат, аны президенттик мезгилиндеги кайсыл бир аракети же аракетсиздиги үчүн кылмыш же административдик жоопкерчиликке тартууга болбойт.

Андан сырткары, экс-президентти тинтүүгө же суракка алууга уруксат берилбейт.

Мындан тышкары, Жээнбековдун кол тийбестиги анын бардык мүлкү менен анын ичинде транспортуна дагы сакталат.

Экс-президент пенсиялык куракка жеткенге чейин болжолдуу 103 миң сомду түзгөн президенттин бир айлык эмгек акысынын 75 пайызынын өлчөмүндөгү пенсия менен өмүр бою камсыздалат.

Экс-президент пенсия курагына жеткенде ошол эле өлчөмдөгү пенсия чектелет. Кошумча төлөмдөр маянасынын азайышына же көбөйүшүнө карата өзгөрүшү мүмкүн.

Жээнбеков мамлекет тараптан ала турган акчалай жардамдан тышкары, ал үчүн айрым кызматтар өмүр бою акысыз болот. Мисалы, аэропорттор менен аэровокзалдардын, темир жол вокзалдарынын жана бекеттеринин расмий адамдар жана делегациялар үчүн арналган залдарын пайдалануу, байланыш кызматтары, почта жана телеграф жөнөтүүлөрүнүн бардык түрлөрү.

Мындан тышкары мурдагы президентке өмүр бою берилүүчү артыкчылыктарга Кыргызстандын аймагында мамлекеттик күзөткө алуу кирет, ошондой эле, ага өмүр бою пайдаланууга мамлекеттик үйлөрдүн бирөөсү берилет.

Турак жайды, транспорттук каражаттарды жана башка кызматтарды пайдалануу боюнча бардык чыгымдар мамлекет тарабынан төлөнөт.

Эгерде мурдагы президент кайтыш болсо мамлекет анын үй-бүлөсүнө ай сайын мурдагы президенттин пенсиясынын өлчөмүнө алты эселенген шайкеш жөлөкпүл төлөп турат.

Бирок, мыйзамга ылайык мурдагы мамлекет башчысын экс-президент макамынан ажыратууга да болот. Анда автоматтык түрдө бардык артыкчылыктарынан кол жууйт. Жээнбеков өлкө башчы болуп турганда, 2019-жылы экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыруунун механизмдерин карай турган мыйзам долбооруна кол койгон.

Мыйзам долбооруна ылайык, экс-президент макамынан жана кол тийбестигинен ажырап калышы мүмкүн — бул башкы прокурор экс-президент мамлекеттик кызматтын башында турган учурунда кылмыш кылганын аныктаган учурда болот. Ошол эле кезде парламент башкы прокурордун айыптарын колдоп бериши керек, андан кийин гана экс-президентти кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүн.

Муну менен катар, экс-президентке мөөнөтү бүткөндөн кийин саясатка аралашууга же мамлекеттик кызматка барууга тыюу салынган. Бул эреже сакталбаса мамлекет тарабынан өмүр бою камсыздалуучу материалдык колдоодон айрылат.

Экс-президент макамынан ажыратылган Атамбаев

Жогоруда белгиленген нормаларга ылайык, Алмазбек Атамбаев экс-президент макамынан ажыратылган. Анда башкы прокурор Атамбаев президент болуп турганда жол берди деген беш кылмыш ишинин белгилерин аныктаган.

Ал кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткон, мыйзам бузуу аркылуу жер тилкесине ээ болгон, Бишкек ЖЭБди модернизациялоодо коррупцияга аралашкан, жылуулук электр борборун көмүр менен камсыз кылууда мыйзамсыз иш-аракеттерге жол берген жана көз боёмочулук аркылуу компанияларга ээлик кылган деп айыпталган.

Мурдагы президент Атамбаев 2019-жылдын августунан бери камакта. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу иш боюнча сурактарга баруудан баш тартып туруп алгандыктан резиденциясы штурмга алынып, натыйжада күч кызматкерлеринин колуна түшкөн. Штурм учурунда бир спецназчы каза таап, ондогон адам жарадар болгон.

Батукаевдин иши боюнча Атамбаев мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми Кой-Таш окуясы боюнча иш иликтенүүдө. Буга байланыштуу Атамбаев бийликти басып алууга айыпталууда.