Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, кызматынан кетүү чечимин кабыл алганын билдирди. Ал мындай чечимди «Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан президент катары калгым келбейт» деп негиздеди.

Бишкекте премьер-министр Садыр Жапаровдун тарапташтары жана айрым саясий партиялар бир нече күндөн бери Жээнбековдун отставкасын талап кылышууда. Учурда алар мамлекеттик резиденциянын жанында топтолуп жатышканы кабарланды. Ал арада резиденциянын алдында күч органдарынын кызматкерлери да чогулуп жатышат.

«Азыркы кырдаал эки тараптуу кагылышуунун болуусуна жакындап калды. Бир жагында митингге чыккандар, бир жагында күч органдары турат. Эки тарап кагылышса, кан төгүлүп кетет. Мамлекеттик резиденцияны коргоо үчүн аскер кызматкерлери, күч органдары курал колдонууга милдеттүү. Эки тарапты тең провокацияга барбоого чакырам», — деди президент.

Ошондой эле Жээнбеков ал үчүн «бийликке тырмышып калган жоктугун, өлкөдөгү тынчтык жана жарандардын ден соолугу кымбат» деп билдирди. Мындан сырткары ал Жапаровду өкмөт башчылыкка дайындап, өкмөттү бекитип берсе да Бишкекте коомдук-саясий абал курч бойдон турганын белгиледи.

«Тилекке каршы, агрессия дагы эле токтобой, менин токтоосуз отставкамды талап кылышууда. Ошондуктан мен отставкага кетүү чечимин кабыл алдым. Эми Жапаровду жана башка саясатчыларды өз тарапкерлерин тынч жол менен таратууга чакырам. Элдин тынчтыгыгына, өлкөбүздүн бүтүндүгүнө доо кетирбегиле. Жараткан Кудайым Өзү колдоп, элибизде аманлык, жергебизде тынчтык болсун!» — деп кайрылуусун аяктады Жээнбеков.

Жээнбеков Кыргызстандын президентти болуп үч жыл мурда так ушул күнү шайланган.  

Жээнбековдун отставкасын талап кылган митингдер

Буга чейин Жээнбеков өкмөттү бекитип, өлкөнү укуктук талаага салгандан кийин кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирген. Ал эми президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева өлкө башчы парламенттик шайлоону өткөрүп, президенттик шайлоо дайындалгандан кете турганын кабарлаган.

Буга карабастан учурдагы премьер-министр Садыр Жапаровдун тарапташтары жана айрым саясий партиянын өкүлдөрү 14-октябрда Бишкектеги эски аянтта чогулуп, Жээнбековдун мөөнөтсүз отставкасын талап кылышкан. Жапаров аларга чыгып, тарап кетүүсүн суранганына карабастан айрымдар президенттин резиденциясын көздөй жөнөгөн.

5-октябрда бир нече күнгө созулган мөөнөтсүз митинг башталган. Демонстранттар парламенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдиришип, жыйынтыкты жокко чыгарууну талап кылышкан. 6-октябрга караган түнү Ак үй басылып алынып, андагы техника, эмеректер талкаланган. Ошондой эле өрт чыккан.

Бул күнү айрым саясатчылар да тарапташтары тарабынан абактан бошотулган. Алардын арасында Садыр Жапаров да болгон. Башкы прокуратура ошол күнү түзөтүү мекемелерин таштап качып кеткендерди кайтып келүүсүн талап кылууда. Бирок Жапаров 6-октябрда Жогорку

Сотко кайрылып, жыйынтыгында анын иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөн.

Мөөнөтсүз митинг парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен башталган. БШК президенттин сунушу менен жыйынтыкты жокко чыгарган. Боршайком 6-ноябрга чейин жаңы шайлоо мөөнөтүн бекитиши керек.

Сооронбай Жээнбеков

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңип, өлкө башчысы болгон. Ошол эле жылы 24-ноябрда расмий түрдө кызматка киришкен.

Жээнбеков Сооронбай Шарипович 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылында туулган.

Жээнбековдин эки жогорку билим бар. 1983-жылы К.П. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун зооинженер адистиги боюнча бүтүргөн. Ал эми 2003-жылы Кыргыз агрардык университетинин экономика факультетин бухгалтер адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1976-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган. Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышында депутат болгон 1995-жылы Жогорку Кеңештин I чакырылышына, 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин II чакырылышына жана 2005-2007-жылдары – парламенттин III чакырылышынын депутаты болгон.

2007-жылдын апрелинен октябрь айына чейин 8 ай Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматын аркалаган. Андан сырткары бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеп 2016-2017-жылдары премьер-министр болуп иштеген. Андан кийин 2020-жылдын 15-октябрына чейин Кыргызстандын президенти болгон.