УКМКга караштуу Антикоррупциялык кызмат бажыдагы коррупцияга тиешеси бар болушу мүмкүн жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун чөйрөсүнө кирген 40 адамды аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

«Бул адамдардын жүргөн жери бизге белгилүү. Биз алардын аталган коррупциялык схемага тиешесин аныктоо боюнча жигердүү иш жүрүгүзүп жатабыз», — деп кабарлашты атайын кызматтан.

УКМК белгиленгендей, атайын кызмат бажы тармагындагы Матраимовдун, анын айланасындагылардын жана башка кызмат адамдарынын коррупциялык иштерин иликтөөнү улантууда.

«Сотко чейин өндүрүштүн алкагында атайын кызматтын өкүлдөрү бажы кызматынын ишмердүүлүгүн текшерип жатышат. Ошондой эле, мамлекеттик бюджетке келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктоо иши жүрүп жатат», — дешти УКМКдан.

УКМК бажыдагы коррупция боюнча сотко чейинки өндүрүштү президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен УКМКнын жаңы башчысы Камчыбек Ташиевдин билдирүүлөрүнөн кийин баштады.

«Журналисттик иликтөөлөрдө келтирилген фактыларды иликтейбиз. Эртең тапшырма берем Матраимовду таап, эгер күнөөлүү болсо жоопкерчиликке тартуу үчүн. Эч кандай Матраимовдорго, коррупционерлерге башкарууга жол бербейбиз. Жок, мен бүгүн тапшырма берем, аны кармаш үчүн, эгер ал Кыргызстанда болсо», — деп билдирген Ташиев.

9-октябрда УКМК, өзбекстандык чек арачылар тарабынан мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү учурунда Тилек Матраимов кармалганын кабарлашкан. Анда Ош шаардык соту Матраимовду 9-ноябрга чейин камакта калтырган. Бирок 15-ноябрда Ош облустук соту анын баш коргоо чарасын кайрадан карап, үй камагына чыгарган.

Тергөө жана реакция

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген. Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.

Кыргызстандын укук коргоо орган кызматкерлери менен атайын кызмат коомдук талаптын басымы менен ачыкка чыккан факттар боюнча иликтөө башталганын билдиришкен, анткен менен бул боюнча жыйынтык болгон эмес. Саймаитинин өлүмүнүн жагдайын иликтөө боюнча депкомиссия да түзүлүп, бирок иштин жыйынтыгы ал учурда Матраимовдун камалышына алып келген эмес.

Бирок журналисттик иликтөөгө кыргызстандыктар реакция жасап, алар бир нече жолу коррупцияга каршы митингге чыгышкан, айрымдары фейк-аккаунттардын кодулоосуна да кабылышкан. Фейк аккаунттар иликтөөчү журналисттерди жамандап, Матраимовдордун позициясын коргошкон. Ал эми Матраимовдор бир нече басылмаларды, анын ичинде «Клоопту» сотко беришкен — алар иликтөөдөн алардын фамилияларын алып салууну талап кылып, материалдын үстүндө иштеген бардык журналисттердин ысымдарын билгилери келген.

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар