Финпол: Саймаити Кыргызстандан 932 млн доллардан ашуун акчаны мыйзамсыз чыгарып кеткен

Бакир Таиров

Финполдун башчысы Бакир Таиров маалымдагандай, бизнесмен Айэркен Саймаити 932 миллион 736 миң долларды өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кеткен. Таиров бул маалыматты тергөө алган банк документтерине таянып билдирди. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финпол) «Азаттык», OCCRP жана «Клооп» басылмаларынын журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

Финпол сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат, бирок Финчалгын төрт жыл мурда эле Саймаитинин махинациялары тууралуу билдирген. 2014-жылы Финчалгын Саймаитини бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качууга жана кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга шектеп, ИИМге кайрылган. Эки жыл өткөндөн кийин, 2016-жылы материалдарды Финполго өткөрүп берген, бирок ведомство ошондо кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Айэркен Саймаитинин «Абдыраз» компаниясынын акча которуулары Финчалгындан шек жараткан.

«Бизде күмөн жаралган. Эмне үчүн аларда ушунчалык акча жүгүртүүлөрү төмөн, бирок ошол эле учурда алар ушунча көп акча которушкан?» — деп айтышкан ведомстводон.

Финчалгын 700 млн доллар чыгарылып кеткенин «Азаттыктын» журналисттик иликтөөсүнүн биринчи бөлүмүндө айтылган факттарды текшерүү менен 2019-жылы жайында эле ырастаган. Ал эми 22-ноябрда «Азаттык», OCCRP жана «Клооптун» биргелешкен иликтөөсү чыккан. Анда Саймаити маалыматчы болгон. Ал Кыргызстандан акчаларды кантип чыгарганын, ал кимдин акчалары болгонун жана коррупциялык схемага кайсы аткаминерлер киргенин айтып берген.

Саймаити, Абдукадыр, Матраимов

Айэркен Саймаити

Саймаити аткез товарларды кездеме катары декларациялап, андан кийин ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатышкан деп журналисттерге айтып берген. Кездеме — бул алымы эң төмөн болгон товар. Чындыгында, ал жакта андан бир кыйла кымбат товар болушу мүмкүн эле жана аларга чоң алым каралган. Андан кийин Саймаити акчалардын изин чоң базарлар аркылуу жашырган.

Киши колдуу болгон бизнесмен акча которуу үчүн карыздарды кайтаруу жана товар сатып алуудан баштап, кыймылсыз мүлк сатып алуу менен бүткөн ар кандай себептер негиз болгонун көрсөткөн.

«Толтурулган акча каражаттары Саймаити, Вуфули жана “Абдыраз” ишканасы тарабынан Кытайга, Түркияга, Литвага, Британияга, Германияга жана башка өлкөлөргө контрагенттердин эсебине которулган», — деп айтты Финполдун башчысы.

Ошондой эле Саймаити 2 миллиард 602 млн доллар төлөбөй коюу менен кирешеси тууралуу декларацияны тапшырбай койгон. Дал ушул сумманын айынан сентябрда ага издөө жарыяланган. Бул убакытка чейин ишкер Стамбулда жашап жаткан. Бирок ал 10-ноябрда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Киши колдуу болгонго чейин жүз миллиондогон долларлардын Кыргызстандан чыгарылып кетиши тууралуу документтерди журналисттерге өткөрүп берүүгө үлгүрүп калган.

Саймаити которуп жаткан акчалар жана аткезчилик тармак бизнесмен Хабибула Абдукадырга таандык. Ал «АКА» топ компанияларына ээлик кылган таасирлүү кландын башчысы — бул топко AKA Petroleum, AKA Immobilien, AKA London Trading, MBL Investments жана AKA International компаниялары кирет.

Аткезчилик кылган түйүндүн иши үчүн бажычылардын ийкемдиги керек болуп, аткаминерлерди сатып алууга ири каражаттар жумшалган. Саймаитинин айтымында, Абдурахмандын кланы менен эми Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары болуп калган Райымбек Матраимов кызматташкан.

Финпол, Финчалгын, «АКА»

Хабибула Абдукадыр президент Жээнбековдун инаугурациясында

Журналисттик иликтөөнүн биринчи бөлүгү чыккандан кийин анда белгиленип өткөн фактыларды Финпол да, Финчалгын да текшерген. Иликтөөдө Саймаити менен Матраимовдор кланынын байланышы айтылган.

Ошол эле учурда, Финчалгындын башчысы — Матраимовдорго куда болот. Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн мүчөсүнө күйөө болот.

Финполдо иликтөөнүн айынан кызматынан кеткен Райымбек Матраимовдун иниси иштеген. Ал эми ведомствонун башчысы «AKA Petroleum» компаниясынын башчысы Хабибулла Абдурахман менен байланыштуу.

Бакир Таировдун бир нече туугандарында Абдукадырдын эки компаниясы менен бизнес мамилелери бар. Таировдун бир тууганы Искендер — AKA Petroleumдун бизнес өнөктөшү жана «Терексай Жаштарынын» тең негиздөөчүсү. «Терексай Жаштары» 2014-жылы Кыргызстанда сурьма кен жерин 4,5 млн долларга сатып алган.

Искендер Таиров кайтыш болгондон кийин «AKA Petroleum» компаниясын маркумдун аялы Чолпон Элмуратова жана ага-ини Таировдордун жездеси Токтосун Туманбаев башкарууга алышкан. Туманбаев ошол эле кезде «Терексай Жаштарынын» да башчысы.

Депутат Искендер Матраимовдун жубайы Миновар Жумаева AKA Immobilienдин негиздөөчүсү. Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунова Абдукадырдын үй-бүлөсү менен биргеликте Дубайда курулуш долбоорууна ээ. Тургунова долбоордо инвестор катары белгиленген. Дагы бир инвестор — Маймаитили Хадир бул Хабибула Абдукадырдын бир тууганы. Үчүнчү катышуучусу AKA International компаниясы.