Интернетте Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган учурда тартылган сүрөттөр пайда болду. Комитеттин басма сөз кызматы ал 20-октябрда кармалганын билдирген. Сүрөттөрдөн атайын кызматтын өкүлү Матраимовго Бишкектин май куюучу бекеттеринин биринин алдында кол кишен тагып жатканын көрүүгө болот.

Басма сөз кызматтын маалыматына караганда, 2016-жылдан тартып Матраимов жана башка кызмат адамдары, Бажы түзүмүндөгү ири коррупциялык схеманы түзүшкөн. Анда «бажы тейлөөсү аркылуу көмүскө киреше булагынан» ири өлчөмдөгү каражатка ээ болуп турушкан .

Бул коррупциялык схема мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген, бирок УКМКдан келтирилген зыяндын так суммасын айтыша элек.

Учурда УКМК мамлекетке так кесе канча зыян тийгизилгенин жана Бажыдагы коррупциялык схемага тиешеси бар башка жүздөрдү аныктоо үчүн тергөө жүргүзүп жатат.

Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млндон ашуун доллар тууралуу иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

2019-жылдын май айында, «Азаттык» 700 млн доллардын Кыргызстандан чыгарылып кетиши тууралуу жана буга Райымбек Матраимовдун тиешеси бар болушу мүмкүндүгү жөнүндө иликтөө чыгарган. Кийинчерээк Матраимовдор каражаттардын чыгарылышына тиешеси бар экенин төгүндөп, ал эми финпол журналисттердин жүйөөлөрүн текшерип, чет өлкөдө Матраимовдордун мүлкү табылбаганын билдирген.