УКМК: Экс-бажычы Райымбек Матраимов Бишкектен кармалды

Райымбек Матраимов ортодо

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармады.

Мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулайманов «Клоопко» кабарлагандай, Матраимов Бишкектен кармалып, учурда УКМКнын имаратына алып келинди.

«Азыр анын катышуусунда тергөө амалдары жүрүп жатат», — деди Сулайманов

Буга чейин бир катар ЖМКлар Матраимов УКМКга бажы тармагындагы коррупциялык иштер боюнча күбө катары чакыртылганын жазышкан болчу. Муну «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон Элнура Алканова да тастыктады. Анын айтымында, Матраимов УКМКга сурак бериш үчүн өзү барган.

Ошол эле маалда, социалдык тармактарда Райымбек Матраимов фамилиясын Ысмаилов Райымбек Ысмаилович деп өзгөртүп алган паспорттун сүрөттөрү тарап жатат. Анда эски паспорт менен жаңы паспорт салыштырылган.

Социалдык тармакта тарап жаткан паспорттун сүрөтү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Райымбек Матраимовун жана Бажыдагы башка кызмат адамдары менен биргилешип түзүп кеткен коррупциялык схема боюнча сотко чейинки өнүдүрүш башталганын кабарлаган. Ошондой эле, Матраимовдун жакын чөйрөсүнө кирген 40 кишинин коррупциялык иштерге байланышы болгону аныкталганын билдирген.

Ал ортодо шайлоонун жыйынтыгынан чыккан нааразычылык акциялары башталганда Райымбек Матраимов Түркияга чыгып кеткени кабарланган болчу.

Тергөө жана реакция

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген. Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.

Кыргызстандын укук коргоо орган кызматкерлери менен атайын кызмат коомдук талаптын басымы менен ачыкка чыккан факттар боюнча иликтөө башталганын билдиришкен, анткен менен бул боюнча жыйынтык болгон эмес. Саймаитинин өлүмүнүн жагдайын иликтөө боюнча депкомиссия да түзүлүп, бирок иштин жыйынтыгы ал учурда Матраимовдун камалышына алып келген эмес.

Бирок журналисттик иликтөөгө кыргызстандыктар реакция жасап, алар бир нече жолу коррупцияга каршы митингге чыгышкан, айрымдары фейк-аккаунттардын кодулоосуна да кабылышкан. Фейк аккаунттар иликтөөчү журналисттерди жамандап, Матраимовдордун позициясын коргошкон. Ал эми Матраимовдор бир нече басылмаларды, анын ичинде «Клоопту» сотко беришкен — алар иликтөөдөн алардын фамилияларын алып салууну талап кылып, материалдын үстүндө иштеген бардык журналисттердин ысымдарын билгилери келген.