Өкмөт аппаратынын, финполдун жетекчилеринин мурдагы орун басарлары кармалды

Жамгырчиев/Калмуратов. Сүрөт: Kaktus

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы 19-октябрда өкмөт аппаратынын жана финполдун жетекчисинин мурдагы орун басарлары Бактыбек Калмуратов менен Эмил Жамгырчиевди «өзгөчө ири өлчөмдөгү» пара алууга шектеп убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган кишилер каржы полициясынын аткезчилик боюнча кылмыш ишининин тергөөсүнө байланыштуу маселелерди «оң тарапка чечип берүү үчүн» жеке ишкерден акча алышкан.

Мындан улам УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тарабынан «пара алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Эмил Жамгырчиев финполдун жетекчисинин орун басары болуп 2018-жылдын апрелинен 2020-жылдын 17-октябрына чейин иштеп, административдик башкаруу боюнча штабды жетектеген.

Ал эми Бактыбек Калмуратов өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары кызматына 2019-жылдын июнь айында дайындалып, ошол жылдын октябрь айында бошотулган.

Буга чейин финпол 2018-жылы Кытайдан ташылган контрабандалык өрдөк эти боюнча иш козгогон. Ал эми кийинчерээк ишке байланыштуу «50 миң долларлык пара» боюнча Жамгырчиев менен Калмуратовдун аты аталган. Анда финполдун жетекчисинин орун басары — Эмил Жамгырчиев — пара алуу тууралуу айыптоолорду «ыплас ушак» деп атаган.

Матраимовдорго байланыштуу иликтөө

Жамгырчиев кызматта болгон кезинде кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөө боюнча суроолорго жооп берип келген. Анда ал 2019-жылдын күзүндө бизнесмен Айеркен Саймаити өлкөдөн 932 миллион 736 миң долларды мыйзамсыз чыгарып кеткенин ырастап, ошол эле учурда бул каражаттардын бюджетке тиешеси жок деп айткан.

Жогорудагы иликтөөдө мурдагы бажычы Райымбек Матраимов негизги фигурант болгон. Матраимовдордун колундагы эң кубаттуу куралы - үй-бүлөнүн кайрымдуулук иштери, маркум атасы Исмаилдин (Ысмайыл) ысымы берилген «Исмаил ата» фонду.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана «Kloop» буга чейинки иликтөөлөрүндө фонддун каржы булактары тууралуу маселени козгогон. 2014-2019-жылдар аралыгында которулган акчанын банктык кагаздары жана башка документтер фонддун каржысынын жарымы Кыргызстандан ири өлчөмдө акча адалданган көмүскө түйүндөн түшкөнүн көргөзгөн.

Кытайлык ишкер Саймаити журналисттердин маалымдоочусу болгон. Ал журналисттерге Борбор Азияда таанымал болгон Хабибулла Абдукадырдын үй-бүлөсүнө таандык көмүскө акчаларды адалдап берип жүргөнүн айтып берген. Анын айтымында, «көмүскө курьерлердин» жана банк аркылуу акча которуулардын жардамы менен беш жыл ичинде Кыргызстандан 700 млн долларга чукул акча чыгарылган.

Ал журналисттерге бул операцияларга бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун да тиешеси бар болгонун айтып берген. Саймаити Матраимов Абдукадырдын көмүскө бизнесинин жүрүшүн шарттаган бажыдагы коррупцияны колдоп турганын билдирген.

Иликтөөлөрдүн биринде фондго 2,4 млн доллар келип түшкөнү айтылган. Каражаттын 199 миң доллары бизнесмен Саймаитинин жубайы Бумаилиаму Вуфулинин банк эсеби аркылуу которулган.

Анда Жамгырчиев аны башка бир түрк жараны Вифулинин эсеби аркылуу «жардам берүү максатында гана» которгонун айткан.