Башкы прокуратура: Атамбаев менен Шадиевдин мыйзамсыз баюуга байланыштуу иши сотко өттү

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Башкы прокуратура жана УКМКнын мекемелер аралык тергөө тобу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, экс-депутат жана мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин кылмыш иши боюнча тергөө амалдарын жыйынтыктады. Иш сотко өткөрүлдү.

Тергөөнүн маалыматтарына ылайык, Атамбаев, Шадиев жана башка адамдардын кылмыш аракеттеринин натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.

Шадиев мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Улуттук энергохолдингдин экс-төрагасы Айбек Калиевдин ортосунда. Исаков менен Калиев Бишкек ЖЭБин жаңыртуу тууралуу иш боюнча соттолгон.

Атамбаев жана Шадиев мамлекетке 13 млрд 694 млн 673 миң 937 сом өлчөмүндө зыян келтирген кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга, мыйзамсыз баюуга жана коррупцияга айыпталууда.

Атамбаевге тагылган биринчи айып Бишкек ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу. Мурдагы президент Кытайдын ТВЕА компаниясы жүргүзгөн ЖЭБди жаңыртуу иштери үчүн жалданма компанияны жалгыз өзү тандаган деп айыпталууда.

Тергөө ЖЭБди жаңыртууда мамлекетке 5 млрд 439 млн 527 миң 482 сом зыян келтирилген деп кабарлоодо.

Экинчиси боюнча Атамбаев 225 млн сом суммасына кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга, 323 млн 704 миң 287 сом суммасына ар кандай компаниялардан үлүштөрдү жана башка материалдык жыргалчылыктарды, ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк сатып алуу аркылуу мыйзамсыз баюуга айыпталууда.

Дүйшөнбек Зилалиев, Алмазбек Атамбаев жана Liglass Trading CZ s.r.o өкүлү Михаель Смелик

Коррупция боюнча үчүнчү айыптоо Терек-Сай кенин иштетүү үчүн мыйзамсыз лицензия берүүгө байланыштуу. Мурдагы өлкө башчысы менен бирге аталган иш боюнча Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Дүйшөнбек Зилалиев жана мекеменин статс-катчысы Шерикул Султановго айып тагылган.

Тергөө аларды коррупция жана 7 миң 231 тонна сурьма, 265 кг алтын, 4 миң 246 кг күмүш — жалпы баасы 8 млрд 255 млн 146 миң 455 сом өлчөмүндөгү кен байлыкты мыйзамсыз ээеп алган деп айып тагууда.

Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, учурда тергөө органдары Атамбаевдин жана анын жакын адамдарынын өлкө ичинде жана сыртында кылмыштуу жол менен тапкан башка активдерин табуу жана аныктоо боюнча чараларды көрүүдө.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары бул иш сотко мыйзамсыз өткөрүлгөн деп эсептешет. Анын адвокаттарынын бири Замир Жоошев билдиргендей, үч кылмыш иши боюна мурдагы президентке тагылган айып 140 томдон турат.

«Бизди иштин материалдары менен тааныштырбастан эле тергөөчүлөр аны сотко жөнөтүшкөн. Биз мыйзамда көрсөтүлгөндөй анын материалдары менен таанышып, тиешелүү протоколго кол коюшубуз үчүн сотто иштин тергөө органына кайтарылышы тууралуу маселени көтөрөбүз», — деди Жоошев.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушундагы коррупция боюнча да күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыратылган. Учурда ал ТИЗО-1де отурат жана Кой-Таштагы штурмга байланыштуу айыптоолор боюнча өкүмдүн чыгышын күтүүдө.

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө күч түзүмдөрү басып киришкен. Аларга мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүшкөн. Бул окуядан соң Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин «Адам өлтүрүү», «Адам өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык башаламандык», «Ээн баштык», «Бийлик өкүлүн коркутуу же зомбулук көрсөтүү» беренелери боюнча иш козголгон.