Атамбаевдин жазасы өзгөртүлгөн жок. Шаардык сот мурдагы президенттин ишин карады

Бишкек шаардык соту Биринчи май райсотунун кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча өкүмүн күчүндө калтырды. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жылга эркинен ажыратылды. Мурдараак прокурорлор Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратууну сурашкан.

Мурдагы президенттен тышкары бул иш боюнча дагы үч адам өтүп жаткан. Алардин бири Индира Жолдубаева Батукаев бошотулган маалда президенттин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүн жетектеп турган. Ал ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, 5 млн сом айыппулга жыгылган.

Врач Абдухалим Раимжанов кылмышты жаап-жашырган деп айыпталып, бирок жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу соттолгон эмес.

ЖАМК башчысынын экс-кеңешчиси Калыбек Качкыналиев «коррупцияга катышкан» деген айып менен эки жылга соттолгон, бирок анын камакта кармоо мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу бошотулган.

Мындан тышкары, тергөө менен кызматташкан иштин фигуранттарына штраф салынганы 13-августта белгилүү болгон. Жалпысынан 10 айыпталуучуга айыппул салынган.

Лаборант Ирина Цопова, онколог Эмил Макимбетов, өкмөт аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу жөндөмдүүлүгү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Марат Бекенов, ССМдин кызматкери Канатбек Бектемиров, экс-судья Жапар Эрматов жана адвокат Али Касымов 260 миң сом штрафка жыгылды.

ЖАМКтын медициналык-санитардык камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Акылбек Асанов, ЖАМКтын дарыгери Фархад Атахожаев, экс-вице-премьер-министр Шамиль Атаханов жана экс-ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге 300 миң сом айып салынды

Бул иш боюнча жалпысынан 19 киши өтүп жаткан, алардын 14ү тергөө менен кызматташып, бирөөсү өлкөдөн чыгып кеткен.

Батукаевдин иши

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайра тергей баштаган. Кримтөбөл лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон.

Шамиль Атаханов тергөөгө Батукаев Жаныш Бакиевге алмаштыруу үчүн бошотулганын айткан. Кыргызстанда Жаныш Бакиев сыртынан соттолгон. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Атамбаев Атахановго Батукаевди «мүмкүн болгон шылтоо» менен бошотууга буйрук берген.