Республикалык штаб 22-октябрда коронавирустан төрт бейтап каза болгонун кабарлады. Көз жумган эки бейтапта илдет лабораториялык тастыкталган, дагы эки бейтап пневмониядан улам каза болду.
Көз жумган бейтаптардын аймактар боюнча көрсөткүчү:
Бишкек шаарында — 2;
Баткен облусунда — 1;
Ош облусунда — 1.
Жалпысынан Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны 1 122ге жетти. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.
Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.
Өлкөдө коронавирустун жалпы 54 006 учуру катталды. Ооругандардын 46 726сы илдеттен сакайды.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.