Парламент депутаты Курманкул Зулушев 21-октябрь күнү башкы прокурор болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.
Зулушев депутаттар тарабынан бул кызматка каралган жападан-жалгыз талапкер болгон. Буга чейин башкы прокурорлук кызматта Өткүрбек Жамшитов иштеп келген.
Курманкул Зулушев 50 жашта. Ал парламентке «Республика — Ата-Журт» партиясынан келген алтынчы чакырылышынын экс-депутаты. Өткөн шайлоодо Зулушев Камчыбек Ташиевдин «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон.
Зулушев 2000-жылдан тартып прокуратура тармагында түрдүү кызматтарда иштеп, андан соң судьялыкты аркалаган. 2007-жылдан тартып Чүй облусунун Сокулук райсотунун судьясы болуп, 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басарлыгына дайындалган.
Ошол эле жылы Зулушев бийликти күч менен басып алууга шектелген Камчыбек Ташиевдин ишин караган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Зулушевди жана судья Медербек Сатыевди ишти кароодо мыйзам бузгандыгы үчүн ээлеген кызматтарынан бошоткон.
Ал учурда Зулушев жана Сатыев «Ата-Журт» фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорго актоо өкүмүн чыгарган соттор коллегиясынын курамында болгон. «Ата-Журттун» үч депутатына бийликти күч менен басып алуу беренеси боюнча айып тагылган — Ташиев «Кумтөр» алтын кени боюнча нааразычылык акциясында Ак үйдүн тосмосун ашып түшүүгө аракет кылган.
2015-жылы Зулушев «Республика — Ата-Журттун» курамында шайлоого барып, бирок партияга добуш алып келе алган эмес. Бирок ал Жогорку сотко чейин арызданып, акыры депутаттык мандатка ээ болгон.
Зулушевдин мыйзам жаратмандыгы
Бул чакырылышта Зулушев өлкө кайсыл башкаруу жолун тандашы керектиги тууралуу референдум өткөрүү боюнча демилгеси менен эсте калды. Ал президенттик жана парламенттик башкаруунун бирөөсүн тандоону сунуш кылган.
Зулушев демилгесин Конституциянын бардык редакцияларында буга чейин даяр башкаруу формалары жазылган деп негиздеген. Натыйжада жарандар башкаруу формасы үчүн өзүнчө добуш беришпей, өлкөнүн негизги мыйзамы үчүн добуш беришкен.
Мыйзам долбоорунун тексти боюнча, референдумду 4-октябрда — парламенттик шайлоо күнү өткөрүү пландалган.
Мыйзам долбоору сынга кабылгандан кийин Зулушев аны жеке демилгеси менен иштеп чыкканын жана «бийликтин буйругун аткарбаганын» айткан. Ошондой эле, ал коронавируска каршы күрөш жүрүп жаткан учурда, Кыргызстандын эң ири үч шаарында өзгөчө абал киргизилген маалда референдум өткөрүү сунушуна карата айтылган сын-пикирге да жооп берди.
«Биз бул мыйзам долбоорун 19-мартта, өзгөчө абал кире элек учурда парламенттин аппаратына жибергенбиз. Аппарат 1-апрелде илип коюптур. Бул депутаттык көз карашым. Мыйзам долбоорун сайтка илдик. Президент, өкмөт, Борбордук шайлоо комиссиясы кандай сунуш киргизээрин эми көрөбүз», — деп билдирген эл өкүлү.
2018-жылы Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев экс-президенттерден кол тийбестикти алып салуу тууралуу мыйзам долбоорун демилгелешкен — депутаттар «Президенттин ишмердиги жөнүндө» мыйзамы өлкөнүн Конституциясына каршы келет деп эсептешкен.
Масалиев менен Зулушев Башкы прокуратурага экс-президентке айып тагуу ыйгарым укугун берүүнү сунушташкан, ал эми парламент жагдайларды кылдат карап чыккандан кийин көпчүлүк добуш менен мурдагы президентти жоопкерчиликке тартууну же тартпоону чече алмак.
Мындан тышкары, Зулушев мыйзам долбоорун «өткөн күн менен» — 2007-жылдын 23-октябры менен кабыл алууну сунуштаган.
Бул мыйзам мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алууга негиз болгон. Көп өтпөй Атамбаевдин кол тийбестиги алынып, экс-президент макамынан ажыратылган.
Атамбаевге карата кылмыш иштери козголгон — ал 2019-жылдын август айынан бери ТИЗОдо. Ага тагылган айыптар абдан олуттуу, анын ичинде адам өлтүрүү беренеси дагы бар. Саясатчы узак мөөнөткө, балким өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.
2019-жылдын октябрында Зулушев парламент регламентин карап чыгып, депутаттардын милдеттеринен мыйзам долбоорлорун жазууну алып салуу керектигин айткан.
«“Депутат мыйзам жазбашы керек” деп регламентти оңдош керек. Депутаттын иши — мыйзамды талдап, оң-терс жактарын жакшылап иликтеп кабыл алуу же четке кагуу. Өкмөт же тийиштүү органдар мыйзамды жазып келсе туура болот», — деген ал.
Шайлоо алдындагы дебат учурунда коррупция маселеси талкууланып жатканда Зулушев коррупционерлерди жоопкерчиликке тартуу үчүн баш жол болушу керектигин айткан.
«Сөзсүз түрдө түрмөгө отургузуш керек эмес, алар уурдаганды кайтарып, бюджетти толтурушу керек», — деп айткан ал.
Зулушевдин талапкерлигин башкы прокурордун кызматына көрсөткөн премьер-министр Садыр Жапаров 21-октябрда экономикалык мунапыс жарыялады.
Жапаров коррупционерлер, мурдагы жана учурдагы аткаминерлер, ведомстволордун жетекчилери, бажычылар, финансисттер, ошондой эле салык төлөөдөн качкан ишкерлер мыйзамсыз иштеп тапкан каражаттарынын баарын мамлекеттик казынага кайтарып берүүсү үчүн 30 күн убакыт берерин билдирген.
ТЕМА БОЮНЧА: «Парламент мыйзам долбоорлорун жазбай, аларды талдашы керек» — депутат Зулушев