«Парламент мыйзам долбоорлорун жазбай, аларды талдашы керек» — депутат Зулушев

Курманкул Зулушевдин айтымында, парламент регламентин карап чыгып, депутаттардын милдеттеринен мыйзам долбоорлорун жазууну алып салуу керек.

«“Депутат мыйзам жазбашы керек” деп регламентти оңдош керек. Депутаттын иши — мыйзамды талдап, оң-терс жактарын жакшылап иликтеп кабыл алуу же четке кагуу. Өкмөт же тийиштүү органдар мыйзамды жазып келсе туура болот», — деди депутат.

2018-жылы «Клооп» парламенттин VI чакырылышынын дээрлик 1200 добуш берүү протоколдорунун маалыматтарын изилдеп чыгып, депутаттар мыйзамдарды 98 пайыздык колдоо менен кабыл алышаарын жана жыйындарды көп калтырышаарын аныктаган.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңеште дебаттар дээрлик жокко эсе. Негизинен мыйзам боюнча, талаштуу маселелер комитеттерде чечилет, ал эми жалпы жыйындардагы дебаттар добуш берүүнүн жыйынтыгына анчейин деле таасир этпейт.

Президенттик администрация, өкмөттүн аппараты жана фракция тарап добуш берүүгө таасир этет — муну депутаттар өздөрү деле «Клоопко» тастыкташкан.