Шайлоолор буюрса мартка чейин бүтөт. Парламент июнга чейин олтурбайт. Кечээки мыйзамга «запас» убакыт алалы деп, реформалар июнга чейин бүтүш керек экендигин белгилеп коюшуптур. Кыскасы парламент июнга чейин олтурат экен деп «дүрбөлөң» болбогула.


Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров социалдык тармактагы барактарына жана телеграмда ушиндай оюн жазды. Ал өзү кол койгон парламенттик шайлоону артка жылдырып, 1-июнга чейин датасы белгилүү болот, ага чейин конституциялык реформа жасалат деген мыйзам тууралуу ушундай пикирин билдирген.

Жапаров шайлоонун артка жылдырылышын «абалды турукташтыруу жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин арттыруу» максатында кабыл алынган чечим деп актанууда.