Парламенттик шайлоо конституциялык реформадан кийин дайындалат. Жапаров тийиштүү мыйзамга кол койду

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышын шайлоо күнү 2021-жылдын 1-июнуна чейин аныкталат. Ага чейин конституциялык реформа жүргүзүлмөкчү. Мындай кадамга жол берүүчү мыйзамга президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.

Жапаров кол койгон конституциялык мыйзам президентти жана депутаттарды шайлоо жөнүндө мыйзамдын күчүн токтотуп турат.

Конституциялык реформа шайлоого чейин өлкөнүн башкы мыйзамына кезектеги түзөтүүлөр киргизилип, референдум өткөрүлөт дегенди түшүндүрөт.

Жапаров шайлоонун артка жылдырылышын «абалды турукташтыруу жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин арттыруу» максатында кабыл алынган чечим деп актанууда.

Бир күн мурда шайлоону артка жылдыруу жана референдум өткөрүүнү парламент депутаттары жактырышкан. Депутаттар кезексиз президенттик шайлоонун күнүн белгилөө жана шайлоо мыйзамдарына түзөтүү киргизүү үчүн чогулган болчу. Бирок 10 депутат шайлоолорду жазга калтырып, референдум аркылуу парламенттик же президенттик башкарууну аныктап алуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелешкен.