Коронавирус жуктурган төрт киши каза болду — жалпы 1 134 өлүм катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 25-октябрда коронавирустан төрт киши каза болгонун кабарлады. Көз жумган бейтаптар Чүй, Баткен, Ош жана Нарын облустарында катталды.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны 1 134кө жетти. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 55 750 учуру катталды. Ооругандардын 47 616 илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.