«Бүтүн Кыргызстандын» тарапташтары парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүүнү талап кылышты

26-октябрда Боршайкомдун имаратынын алдына «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын 50дөй тарапташы митингге чыкты. Алар БШК тарабынан 20-декабрга дайындалган парламенттик шайлоону жылдырууга каршы экенин билдиришти.

Чогулгандар «БШКга басымды токтот!», «Укуктук талаага кайткыла», «БШКдан колуңду тарт», «Баш мыйзамга кол салууну токтоткула», «Конституцияны ордуна кой» жана «Мен макул эмесмин», «Сен хан эмессиң» деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушту.

Ошондой эле талаптарын аткаруу үчүн президенттин милдетин аткаруучу жана примьер-министр Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты.

«“Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партиясынан куралгандар, Жогорку Кеңеште кайра реформа жүргүзүү шылтоосу менен шайлоону 2021-жылдын июнь айына чейин жылдырышты. Башкача айтканда, алар ыйгарым укуктарын өз билемдик менен колдонушту, мыйзам талаасынан чыгып кетишти. Сизден [Садыр Жапаровдон — ред.] баш мыйзамдын сакталуусун жана мыйзам талаасына кайтууну суранабыз», — деди митингчилердин бири.

Ошондой эле, алар бул кайрылуунун кагаз түрүндөгүсүн БШКга жана Садыр Жапаровго тапшыра тургандыгын белгилешкен. Мындан сырткары, 28-октябрда мөөнөтү бүтө турган парламенттин таркап кетүүсүн талап кылышты. 

Адахан Мадумаров: «Бул түздөн-түз бийликти басып алуу»

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 23-октябрда учурдагы бийликтин Конституцияны өзгөрткөнгө чейин парламенттик шайлоону өткөрбөй турушун «кылымыштуулук», «түздөн-түз узурпация» деп атаган.

«Кыргыз эли баарын билип турат, азыркы бийлик “мен өзүм сотмун”, “мен билем”, “мен каалайм” деген өтө коркунучтуу жолду тандап алды, бул жакшылыкка алып барбайт. Президенттин милдетин аткаруучу референдум жарыялай албайт, Конституцияга өзгөртүү киргизе албайт. Анан да бул Жогорку Кеңеш менен кыла албайт, анткени бул парламенттин укуктары 28-октябрда токтойт. Тарыхтын алдында булар катаал суроолорго жооп беришет», — деген Мадумаров.

Ошондой эле, ал Боршайкомдун мүчөлөрүн суракка чакыртуу бул мекеменин ишине түздөн-түз кийлигишүү экенин кошумчалады. Анын айтымында, шайлоо жарыяланып, процесс жүрүп жаткан учурда анын мүчөлөрүн чакыртып алууга мыйзам уруксат бербейт.

«Биз кишиге [Садыр Жапаровго — ред.] каршы эмеспиз, биз ошол кишинин саясатына каршыбыз. “Биз ар бир адамдын ишеничин актайбыз” деп келдиби актасын, “элдин талабы менен келдик” деп атабы, талабын аткарсын, “биз таза иштейбиз” деп келдиби иштесин, бирок “мен билем”, “мен каалайм”, “мен ушундай кылып атам” деген “мен”, “мен” дегенди токтотуш керек», — деген лидер.

Шайлоонун жылдырылышы

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөн. Бирок анда агитация учурунда жана шайлоо учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар орун алган. 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына каршы болгондор Бишкектин Ала-Тоо аянтына чогулушкан, бул президенттин жана өкмөттүн отставкасына алып келген.

Борбордук шайлоо комиссиясы 6-октябрда шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. Ошондой эле, 22-октябрда Жогорку Кеңештин бир нече депутаты конституциялык реформа өткөрүүнү жана шайлоону жылдырууну сунуштаган мыйзам долбоорун демилгелеген.

23-октябряда президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров аталган мыйзамга кол койгон. Ага ылайык парламенттик шайлоо июнга чейин жылдырылган.

24-декбрда Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова 20-декабрга дайындалган парламенттик кайра шайлоону жокко чыгарылганын билдирген. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алган. БШК соттун чечимин даттанат.