Бишкек мэриясы: Юридикалык жактан да, иш жүзүндө да Түлеев вице-мэр бойдон калууда

Бишкек мэриясы Нариман Түлеев дагы деле шаардын биринчи вице-мэринин милдеттерин аткарып жатканы кабарланган билдирүү жарыялады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Калаанын макамы жөнүндө» мыйзамга ылайык, Түлеев Азиз Суракматов мэр болуп турган кезде дайындалган.

«Демек, бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт жана аткарылат. Кыргызстандын борбору укук талаасында! Расмий түрдө, Бишкек шаардык кеңешинин КСДП, "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика-Ата Журт" фракциялары аталган кызматка өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерди колдогон жок жана колдобойт», — деп билдиришти мэриядан.

Муну менен катар муниципалитеттен Түлеев юридикалык жактан да, иш жүзүндө да биринчи вице-мэр бойдон калууда деп кабарлашты.

Мэриядан кошумчалашкандай, «коомчулуктун кеңири нааразычылыгына карабастан», кысым көрсөтүү жана басып алуу аракеттери уланууда.

Ал арада Бишкек мэриясынын имаратынын алдында митинг өтүп, демонстранттар Түлеевдин отставкасын талап кылышты.

«Нариман, эгерде сен азыр өзүң чыкпасаң, биз кирип барабыз. Бизге жаштар керек», — деп билдирди чогулгандардын бири.

Түлеевдин кетиши

Нариман Түлеев 22-октябрда калаанын биринчи вице-мэрлик кызматынан кетип атканы тууралуу билдирген.

Ал өз билдирүүсүндө мэрияга мурдагы калаа башчысы Азиз Суракматовдун өтүнүчү менен келгенин жазган. Анын айтымында, ал өз милдеттерин аткарууга киришээр замат «мэрлик креслонун айланасында ар түрдүү топтордун жана күмөндүү адамдардын ыплас күрөшү башталган».

Ошол эле учурда Түлеев мэриядан кетүү чечимин президенттин милдетин аткарып аткан Садыр Жапаров менен бирге кабыл алагын кошумчалаган.

Күн мурда, 21-октябрь күнү калаа мэриясынын алдына шаардыктар чогулуп, Нариман Түлеевдин мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалышына каршы болушкан. Шаардыктар бийликке абийири таза адамдар келсин деген талап коюшкан.

Мэрлик кызматтын айланасында уланып аткан чуунун шартында ЖМКларда Бишкек шаарынын мэрлик кызматына Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин «Мекенчил» партиясындагы мүчөсү Төрахан Жунусбеков талапкер болушу ыктымалдыгы тууралуу маалыматтар пайда болгон.

БШКнын маалыматына караганда, Жунусбеков жогорку билимдүү, 2002-2011-жылдары депутаттын консультанты болуп иштеген.

Ал тургай Жунусбеков 23-октябрда басма сөз жыйынын өткөрүп, анда 26-октябрдан тартып вице-мэр катары иштеп баштоого ниеттенип атканын, бирок Нариман Түлеев менен иштеше албасын жарыялаган. Мындан тышкары, Жунусбеков Садыр Жапаровдун колдоосуна ээ экенин да кошумчалаган.

Нариман Түлеев эмнеси менен белгилүү?

Нариман Түлеев — экс-депутат жана Бишкектин мурдагы мэри. 2012-жылы Түлеев Кытайдан борбор калаа үчүн кар тазалоочу жана жүргүнчү ташыган автобустарды сатып алууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деп коррупция боюнча айыпталган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Түлеев мамлекетке 33 млн сом өлчөмүндө зыян келтирген. 2013-жылы Ленин райондук соту экс-мэрди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан.

Бирок Түлеев 2016-жылы мунапыс аркылуу эркиндикке чыккан. Ошону менен катар, келтирген чыгымдары үчүн мамлекеттик казынага 60 млн сом өлчөмүндө айып төккөн.

Түлеевге жана анын бир туугандарына таандык болгон Караван соода борборун, «Сапатком» бизнес-борборун жана кымбат баалуу унааларды конфискациялаган.

Мындан тышкары, Түлеев 2008-2010-жылдары Бишкек мэри болуп турган учурунда Ататүрк паркынан 21 жер тилкесин жеке колдорго таркатып берген. Ал тарткаткан жерлер, президенттин иш башкармалыгына чет элдик делегациялар үчүн мейманканалык комплекстин курулуш ишине деп бөлүп берилген.

Түлеев ошондой эле парктын чет жакасындагы эки жер тилкесин жеке менчикке берген. Түлеев турак үй менен бизнес-борборду куруу божомолдонгон 600 чарчы метрлик аянты бар бир жер участогун өзүнүн атасына бөлүп берген.

Экинчи участокту Талантбек Усупбеков алган. Ал 2017-жылдын аягында «Дос-Кредобанктын» акционери болгон. Ошол убакта директорлор кеңешинин төрагасы Түлеевдин уулу болгон — ал кийинчерээк банктын башкы акционери болгон.