«Мэрдин креслосу үчүн күмөндүү кишилердин күрөшү башталды». Түлеев мэрдин милдетин аткаруудан баш тартты

Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруудан баш тартты. Ал мындай чечимин мэрдин креслосунун айланасында түрдүү топтор менен күмөндүү кишилердин кир аракеттеринен улам кабыл алган.

Бишкек шаарынын экс-мэри Азиз Суракматов 20-октябрда өткөн басма сөз жыйынында парламенттик шайлоого баруу үчүн отставкага кетип жатканын билдирген. Калаа башчысынын милдетин, биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеев аткарарын айткан.

«Бирок мен ишке баштай электе эле мэрдин креслосунун айланасында түрдүү топтор менен күмөн жараткан кишилердин кир жана иренжиткен күрөшү башталды... Кээ бир кишилер бийлик жана амбициясы үчүн элди кайраштырып жатканына жүрөгүм ооруду», — деп жазды ал.

Түлеев аны вице-мэрликке Азиз Суракматов суранып жатып көндүргөнүн айтты. Ал ошондой эле, анын шаарга жасаган эмгегин унутпаган Бишкек шаарынын тургундары аны колдоо үчүн келгенин белгиледи. Бирок алар чагымчылдардын айынан жабыркап кала жаздаганын кошумчалап, тарапташтарын коркуткандар болгонун да айтты.

«Алардын өмүрүн коркунучка кептегенге менде моралдык укук жок, охлократиянын улам күчөп жаткан толкуну тунук ойлор менен фактынын алдында токтоп калбай турганын билип, президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров менен сүйлөшүп, мен мэрдин милдетин аткаруудан баш тарттым», — деп жазды ал.

Түлеев бул чечим анын жашоосундагы эң оор чечимдердин бири болгонуна токтолгон.

Эми мэрдин милдетин аткаруу укугу биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаевге жүктөлдү.

Kaktus.media басылмасы Бишкек шаарынын мэри болууну Төрөхан Жунусбеков деген киши көздөп жатканын жазды. Маалыматка ылайык, Жунусбековдун буга чейин кайда иштегени тууралуу маалымат жок. ЖМКларда анын аты ар кандай митингдин катышуучулары катары аталган. Мисалы 2007-жылы «Кыргызстандын татыктуу келечеги» бирдиктүү фронтунун өкүлү болгон. 2017-жылы Таластагы митингге катышкан. Кийин УКМКга суракка чакырылган. 2019-жылы Көркөм сүрөт өнөр музейиндеги «Феминнале» көргөзмөсүнө каршы чыккандардын бири болгон.

Ал 2020-дылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен катышкан. Аталган партиянын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров эсептелет. Учурда Жапаров президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр болсо, Ташиев УКМКны жетектеп жатат.