«Чоң мафия турат». Ошто көмүр казган компаниянын ээлери карьерди кайтара албай убара

Муратбек Исраилов/Алмасбек Жоробеков

Оштогу көмүр казган «Жол-Чырак и Ко» компаниясынын ээлери аларга тиешелүү карьерди жана компанияны «башка бирөөлөр тартып алганын» айтышууда. Алар 21-октябрда маалымат жыйын куруп, президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчысы Садыр Жапаровдон жана башка тиешелүү органдардан чара көрүп берүүсүн суранышты.

Бул окуяда ИИМдин башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун жана анын иниси Улан Өмүрзаковдун да аты аталды.

Өкүл балага өткөрүп берүү

Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн айтымында, компания 2008-жылы түзүлгөн. Ал эми алар ага 2011-жылдан баштап ээлик кыла баштаган.

«Бизге чейинкилер чалгындап жүрүшкөн. Биз алгандан кийин жол салып, ишкананы ачып, ал жакка бардык шарттарды түзгөнбүз. Жумушчу техникаларын баарын сатып алып, иш баштаганбыз», — дейт негиздөөчүлөрдүн бири Муратбек Исраилов.

Кийинчерээк алар ишкананын жетекчиси катары 2017-жылы Алмасбек Жоробековду шайлашкан. Көп өтпөй Жоробеков ден соолугуна байланыштуу компанияга ээлик кылгандардын бири — Манасбек Ыдырысовду анын милдетин аткаруучу кылып дайындайт.

Ал эми Ыдырысов карьерди иштетип жатып жол кырсыгына учурап, бутуна «катуу зыян келген». Мындан улам ордуна ишеним кат менен өзүнүн Кутман Шермат уулу атуу өкүл баласын ишеним кат менен карьер башчы кылып жумушка алган.

«Кутман иштетип жүргөн. Бизге шерик акыбызды берет бекен деп күтүп жүрдүк. Жазда бербесе, күздө берет деп жүрсөк, акырында акы эмес өзүбүздү киргизбей койду кенге», — дейт Исраилов.

Нараазы тараптын айтымында, Шермат уулу ишеним каттын мөөнөтү бүткөндөн кийин «Мухаммед Умар» коопсуздук агенти менен келишим түзүп, карьерди кайтарууга алган. Ал карьерди «менчиктештирип», ээлерин жолоткон эмес.

Негиздөөчүлөр коопсуздук агенттиги ИИМдин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун иниси Улук Өмүрзаковго тиешелүү экендигин айтышып, «кенде анын да кызыкчылыгы бар» деп эсептешет.

«Улан Өмүрзаковго "Кой иним, сен ким менен келишим түзсөң деле биз менен иштеше бер. Бизди киргиз, акчаңды деле берели" десек да жолотпой койду. Өзүнүн кандайдыр бир кызыкчылыгы бар. Ошондуктан бизди киргизбей жатат. А күзөтчүнүн жанына барсак “кирсең атып таштайм, тытып таштайм" дейт, "айрып таштайм" дейт», — деп түшүндүрдү компаниянын директору Жоробеков.

Юстиция министрлигинде аталган агенттиктин негиздөөчүсү катары Өмүрзаковдун бир тууганы Тазабек Өмүрзаков көрсөтүлгөн.

Агенттиктен алар кенди коргоо боюнча келишимдин негизинде мыйзамдуу иш алып барышаарын, башка маселелерге кийлигише алышпасын билдиришти. Ошондой эле алар негиздөөчүлөр «кенди бастырып кирүүгө аракеттенип жатышат дейт»

«Шермат уулу менен мыйзамдуу келишим түзгөнбүз. Киргизбе деген адамды киргизбейбиз. Эми булар биз жетекчибиз дейт. Бизге келгенде мен айтканмын "Мыйзам чегинде, соттун чечими менен келгиле да алып кете бергиле" дедим. Булар мыйзамсыз келип, бастырып кирип, биз менен чабышып, мушташып жатат», — деди агенттиктин командири Бактыбек Макамбаев.

Ал эми Ош ОИИБинен ИИМдин жетекчисинин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун агенттикке «эч кандай тиешеси жок деп ишендиришти.

«Мыйзамсыз ишкерлик»

Шермат уулунан жооп болбогон соң компаниянын негиздөөчүлөрү топтолуп, 2020-жылдын февраль айында Кара-Суу райондук экотехинспекцияга лицензиянын мөөнөтү бүткөнүн айтып кайрылышкан.

Ал арада райондун экотехинспекциясы пландык текшерүү менен барып, ишканада 40ка жакын мыйзам бузууну аныктаган. Мындан улам казуу иштерин токтотууга буйрук беришкен. Бирок казуучулар өз ишин уланта беришкен.

«Токтотпой койгонуна байланыштуу лицензия жокко чыгарылсын деп Бишкеке, “маморгандын айтканын аткарбаганы үчүн” деп финполицияга, прокуратурага жана милицияга ишин өткөрүп бергенбиз. Иштер жүрүп жатат», — деди райондук экотехинспекциянын башчысы Адилет Мокеев.

«Шермат уулу изин жашырып качып кеткен»

Компаниянын уюштуруучусу Муратбек Исраилов «кенди тартып алган» Кутман Шермат уулуна облустук милиция жана финполиция иш козгоп, иш Ош шаардык сотко өткөн дейт.

Шаардык соттон Шермат уулу «Алдамчылык» жана «Мыйзамсыз ишкердикке» айыпталып, бөгөт коюу чарасы катары кармалган күндөн тарта тергөө абагына киргизүү токтому кабыл алынганын тастыкташты.

Ал эми Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев Шермат уулу учурда изделип жатканын билдирди.

«Каржы полициясы иш козгогондон кийин ал изин жашырып качып кеткен. Учурда аны кармоо боюнча иштер жүрүп жатат», — деди ал.

Анын айтымында, Шермат уулунун ишкерлигине тиешелүү материалдар каржы полициясына жөнөтүлүп, «мыйзамсыз ишкерлик» жүргүзүү боюнча иш козголгон. Ал эми кенди «өз алдынча тартып алганы» боюнча Кара-Суу РИИБи «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Мындан тышкары Аширбаев кенди коргоп жаткан агенттиктен компаниянын негиздөөчүлөрүнүн үстүнөн да арыз келип түшкөнүн маалымдады.

«Ал тарап “Мурат жана Манас деген балдар өздөрү менен төрт кишини алып келип, жөндөн-жөн сабашты” деп арыз жазган. Кара-Суу РИИБинде учурда эки тараптын тең арызы каралып жатат», — деди ал.

Ал эми Каржы полициясынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур бул маселе боюнча маалыматты тактап берүүнү убадалады — ал учурда иш тууралуу маалымат алуу үчүн сурам кат жиберип, күтүп жатканын билдирди.

«Артында чоң мафия турат»

Негиздөөчүлөр карьерди тартып алгандардын үстүндө «чоң бир мафия» турат деп эсептешет. Ошондой эле учурда карьерде иш токтобогонун айтышты.

«Кутман азыр карьер жайгашкан айылдагы жергиликтүү спортчу, көчөдө жүргөн балдарды дайындап койгон. Ал телефондон туруп башкарып жатат, алар болсо сатып жатышат көмүрдү», — деди негиздөөчүлөдүн бири Муратбек Исраилов.

Юстиция министрлигинин сайтында «Жолчырак и Ко» компаниясы таш көмүр казуу менен алектенээри жазылган. Анын директору катары Жоробеков көрсөтүлүп, компанияны уюштуруучулары катары жети киши жазылган — алардын арасында нараазы тараптан Исраилов жана кенге өкүл баласын жетекчи кылган Ыдырысов да бар.