Бишкекте COVID-19 жуктурган эки бейтап каза болду

Сүрөт: Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы

Өткөн суткада Бишкек шаарында коронавирус жуктурган эки бейтап каза болду. Бул тууралуу 27-октябрда Республикалык штаб кабарлады.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19дан каза болгондордун саны 1 136га жетти. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 56 738 учуру катталды. Ооругандардын 48 223ү илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.