COVID-19 жуктуруп алган медиктердин саны 3 597ге жетти — жаңы тогуз учур катталды

Сүрөт: Нарын шаардык мэриясы

Республикалык штабтан 27-октябрда коронавирус тогуз медициналык кызматкерде аныкталганын кабарлашты.

Илдетке чалдыккан медиктердин аймактар боюнча көрсөткүчү:

Бишкек шаарында — 3;

Баткен облусунда — 3;Ош шаарында — 1;

Ысык-Көл облусунда — 1;

Талас облусунда — 1.

Мындан сырткары өткөн суткада он медкызматкер үй карантинден дарыланып чыгарылды.

Ушуну менен COVID-19га чалдыккан медиктердин саны 3 597ге жетти — анын 3 290у оорудан айыккан. Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Аталган компенсацияларды төлөө үчүн Саламаттык сактоо министрлиги атайын комиссия түзүп, ар бир учурду териштирип чыгат.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 26-октябрга карата компенсациялык төлөмдөрдү дайындоо боюнча комиссияга 2 миңге чукул медик документ тапшырганын кабарлады. Анын ичинен ооруну жуктурган 377 медикке 200 миң сомдон жана каза болгон 27 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнгөн.

Мындан сырткары, сентябрь айында «кызыл зонада» иштеген 5 241 медициналык кызматкерге жалпысынан 71 млн 671 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнгөн.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 56 738ге жетти. Алардын ичинен 48 223 адам илдеттен айыгып, 1 136сы каза тапты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.