Өкмөт оюнан кайтты. Коронавирус жуктурган медиктерге берилчү кун кыскартылбайт

СOVID-19 жуктурган медиктерге жана андан каза тапкан медкызматкерлердин үй-бүлөсүнө мурда айтылган 200 миң жана миллион сомдук компенсациясы кыскартуусуз төлөнүп берилмей болду.

Бийлик алгач дал ушул сумманы медиктерге төлөп берүүнү убада кылып, бирок 4-майда мындан эки эсе аз өлчөмдөгү компенсация бекитилгени тууралуу маалыматты кабарлаган.

Бул өкмөттү сынга алууга алып келип, ал эми депутат Мирлан Жээнчороев 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында түшүндүрмө же өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылган.

Жээнчороевдин парламенттеги талабынан кийин өкмөттүн сайтында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев компенсациялар үчүн 50 млн сом бөлгөнү тууралуу малымат чыккан. Ошол эле маалыматтын компенсациялар тууралуу айтылган жеринде коронавирус жуктурган медиктерге жана каза тапкан медиктердин үй-бүлөсүнө бериле турган мурдагы 200 миң жана миллион сом жазылган.

Бирок компенсациялар кызматтык иликтөөдөн кийин гана төлөнөт, аны кызматтык комиссия жүргүзүшү керек — бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги жана ар башка вице-премьерлер бир ай ичинде бир нече жолу айтышкан. Комиссия эбак эле түзүлгөндөй туюлганы менен өкмөттүн сайтында ал түзүлөт деп жазылган, демек азырынча комиссия түзүлө элек. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан бизге комиссиянын бар-жогун тактап бере алышкан жок.

6-майга карата медиктердин арасында коронавирус жуктуруунун 221 учур катталды, анын ичинде бир медиктин өлүмү бар — Бишкектеги №3 поликлиниканын врачы Жүзүмкан Кокумбаева каза тапкан. 154 медкызматкер айыккан.