Кыргызтанда COVID-19дун жаңы 568 учуру катталып, 380 бейтап айыкты

Сүрөт: Нарын шаардык мэриясы

Республикалык штаб 27-октябрда өлкөдө коронавирустун жаңы 568 учуру катталганын маалымдады. Жаңы учурлардын 447си лабораториялык тастыкталган. Калган 121 бейтап ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 159;

Баткен облусу — 129;

Жалал-Абад облусу — 120;

Чүй облусу — 56;

Ысык-Көл облусу — 38;

Ош шаары — 29;

Ош облусу — 17;

Талас облусу — 16;

Нарын облусу — 4.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 56 738ге жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 19 877. Ал эми Жалал-Абад облусунда — 6 705, Ош облусунда — 6 344, Чүй облусунда — 6 341, Баткен облусунда — 5 080, Ысык-Көл облусунда — 4 474, Ош шаарында — 4 396, Нарын облусунда — 1 822 жана Талас облусунда — 1 699 учур катталды.

Мындан сырткары акыркы суткада коронавирустан 380 бейтап айыгып, эки киши көз жумду.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Ош жана Жалал-Абад облустарында катталды — 86дан. Ошондой эле Бишкек шаарында — 67, Баткен облусунда — 41, Чүй облусунда — 34, Ош шаарында — 29, Ысык-Көл облусунда — 16, Талас облусунда — 11 жана Нарын облусунда он бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Жалпысынан COVID-19дан 48 223 бейтап айыкты — бул жалпы оорулуулардын 85 пайызы. Мындан сырткары коронавирус 1 136 кишинин өмүрүн алды.

Бүгүнкү күндө илдеттен 3 398 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле, 3 454 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.