БШК кайрадан парламенттик шайлоонун жокко чыгарылышы боюнча Жогорку сотко даттанды

Боршайком Бишкектин Административдик сотунун чечими боюнча Жогорку сотко даттанды. Жогорку соттун жыйыны кайсыл күнү өтөөрү белгисиз, бирок ал үч күндүн аралыгында өтүшү керек. Буга чейинки инстанция 24-октябрда БШКнын кайрадан парламенттик шайлоону 2020-жылдын 20-декабрына дайындоо боюнча токтомун жокко чыгырган болчу.

Комиссиянын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Vesti.kg басылмасына курган маегинде билдиргендей, ал кесиптештери менен өз чечимин «акырына чейин коргошот».

«Биз ансыз да мурдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарып берүү менен “ойноп бердик”. Мыйзам боюнча, албетте, бардыгы башкача болушу керек, бирок юриспруденцияда “өтө муктаждык болгон жагдайда аракеттенүү” деген түшүнүк бар. Башаламаныктар учурунда ушундай муктаждык болду. Бирок бизге эмнегедир кылмыш иш козгоп коюшту, анткен менен добуштарды эсептөө учурунда БШК 62 участоктун жыйынтыктарын жокко чыгарган болчу. Кайсыл шалаакылык жөнүндө кеп болушу мүмкүн?» — деп суроо салды Осмоналиев.

Бишкектин Админсоту БШКнын токтомун жокко чыгаруу боюнча чечимин «Актив» партиясы менен Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын доо арызы боюнча кабыл алды. Ошол эле кезде 24-октябрга карата парламенттик шайлоого катышуу боюнча 46 партия комиссияга кабарлама берүүгө үлгүргөн.

Алардын арасында буга чейинки шайлоого катышкан дээрлик бардык партиялар бар — болгону «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Мекенчил» партиялары жок. Биринчидеги эки партия алдын ала жыйынтыктар боюнча 4-октябрда добуш алуу боюнча алдыга озуп чыгышкан. Ал эми «Мекенчилдин» негиздөөчүсү болуп Камчыбек Ташиев эсептелет — президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровдун досу.

БШКга карата басым

Бишкектин Свердлов райсотунун кызматкерлери 24-октябрь күнү эртең мененки саат 9:46да БШКга келип, тинтүү жүргүзүп, документтерди ала башташкан. Депутат Наталья Никитенко бул аракеттер менен 2021-жылдын 10-январына дайындалган кезексиз президенттик шайлоо үчүн БШКга басым көрсөтүлүп жатканын билдирген.

ИИМден документтерди алуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен ишке ашырылганын билдиришкен. Сотко уруксат алуу үчүн тергөө тобунун жетекчиси кайрылган. Бул топ 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо учурундагы бузууларды иликтеп жаткан.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кезексиз президенттик шайлоонун күнүн президент отставка кеткенден кийин бир аптанын ичинде парламент дайындашы керек болгонун, бирок ал аны дайындабай койгонун түшүндүргөн. Мыйзам боюнча, эгер өтөөр күнү дайындалбаса, шайлоо автоматтык түдө дайындалды деп эсептелип, БШК өз адынча күнүн аныкташы керек болот.

Ошол эле учурда комиссиянын мүчөлөрү 21-октябрда «парламенттик шайлоо учурундагы шалаакылык фактысы боюнча» ачылган кылмыш ишине байланыштуу ИИМге суракка чакырылган. Анда депутаттар министрликтин аткаминерлерин БШКнын мүчөлөрүнө басым кылып жатышканы үчүн жоопко тартууга чакырышкан.

Шайлоону жаз айына жылдыруу

22-октябрда өткөн жыйында алтынчы чакырылыштын депутаттары Акылбек Жапаровдун парламенттик кайра шайлоону 4-6 айга жылдыруу тууралуу мыйзам долбоорун колдоп берген. Муну менен депутаттар ыйгарымдарын 2021-жылдын жаз айларына чейин узартып, бирок маяна албай иштеп берүүгө макулдук беришкен.

Бул демилге конституциялык реформа өткөрүүгө үлгүрүү үчүн сунушталган. Шайлоочуларга парламенттик же президенттик башкаруу формаларын тандоону жана башка бир нече өзгөртүүлөр сунушталууда.

Ошол эле учурда эл өкүлдөрү Алтынбек Сулаймановдун шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алышкан. Ошентип форма №2 жокко чыгарылып, шайлоо босогосу 7 пайыздан 3%га чейин азайтылып, ал эми шайлоо күрөөсү 5 млндон 1 млн сомго чейин кыскартылган.

БШК 6-октябрда эки күн мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын өлкөдөгү «саясий кырдаалдан» улам жокко чыгарган. Абал өлкө боюнча миңдеген кыргызстандыктар шайлоонун жыйынтыгына наарызы болуп чыккандан кийин курчуп кеткен. 6-октябрга караган түнү нааразылыкка чыккандар Жогорку Кеңештин имаратын басып алып, саясий туткундагыларды абактан чыгарышкан, алардын ичинде учурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да болгон.

Андан кийинки он күн ичинде өлкөдө бийлик алмашып, Садыр Жапаров эки жолу премьер-министр болуп дайындалып, ведомстволордун башчылары алмашып, экс-президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип, ал эми президенттин ыйгарымдары Жапаровго өткөн.