Парламент шайлоолордун мөөнөтүн жылдырууну жана референдум өткөрүүнү колдоду

Депутаттар 22-октябрда парламенттин кезексиз жыйынына чогулушту. Эл өкүлдөрүнүн күн тартибинде президенттик кайра шайлоонун күнүн талкуулоо жана шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү кабыл алуу турган.

Бирок, 10 парламентарий мыйзам долбоорун демилгелешип, анда парламенттик кайра шайлоонун мөөнөтүн жаз айларына жылдырууну сунушташты.

Жыйынтыгында, парламент экинчи жана үчүнчү окууда шайлоо мыйзамын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Документте төмөнкү өзгөртүүлөр каралган:

  • №2 формасын жоюу. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо №2 формасы менен добуш берүү мүмкүнчүлүгү шайлоочуларды жапырт сатып алуунун куралдарынын бирине айланган.
  • Шайлоо босогосун 7%дан 3%га чейин төмөндөтүү. Партия парламентте орун алуу үчүн шайлоодо добуштардын ушунча пайызына ээ болушу керек.
  • Шайлоо күрөөсүн 5тен 1 млн сомго чейин ылдыйлатуу. Партиялар шайлоого катышуу үчүн бул сумманы Боршайкомго төлөшөт.

Мындан тышкары, депутаттар Конституциядагы президенттик жана парламенттик шайлоолордун күнүн дайындоо тууралуу эки беренесин токтото турган мыйзам долбоорду дароо үч окууда кабыл алышты. Эми парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды — шайлоо 4 айдан 6 айга чейинки мөөнөттө өтүшү керек.

Бул демилге конституциялык реформа өткөрүүгө үлгүрүү үчүн сунушталды. Шайлоочуларга парламенттик же президенттик башкаруу формаларын тандоону жана башка бир нече өзгөртүүлөр сунушталмакчы.

Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору азырынча сунуштала элек жана талкуудан өтө элек. Мыйзам долбоордун демилгечилери шайлоону өткөрүү үчүн каражат кайдан бөлүнөрүн түшүндүрүшкөн жок, ал арада өлкөдө COVID-19 пандемиясынын экинчи толкунуна даярдык жүрүүдө.