Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров «Ала-Тоо 24» программасына курган маегинде Коопсуздук кеңешинин экс-башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимовдун кармалганы «театрлаштырылган шоу» деп айткан билдирүүсүнө жооп берди.

Жапаровдун айтымында, Кеңешбек Дүйшөбаев 30-40 жыл аралыгында күч структураларында иштеп келе жатат жана анын генералдык наамы бар.

«Ал бирөөнү камап, бир тыйын пайда келтириптирби мамлекетке? Шоу болсо да уюштуруп алып келип миллиарддарды, миллиондорду төктүрүп көрүптүрбү, кустуруп? Ошону өзүнөн сурап көрүңүзчү барып», — деди премьер.

Ал Дүйшөбаевди 2010-жылдагы окуялар үчүн жоопкерчилик тартышы керектигинен улам кызматтан алганын кошумчалады.

«Биринчиден, Кеңешбек Дүйшөбаев — пенсия курагындагы адам. Экинчиден, анын Коопсуздук кеңешинин башында отурганга моралдык укугу жок. Ошондуктан алмаштырдым. Анткени ал 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча, андан кийинки түштүктөгү окуялар боюнча жооп бериши керек. Ал ошол мезгилде УКМКнын башчысы болгон, чараларды алдын ала көргөн эмес, бул териштирилет дагы, ал жоопко тартыла турган адам, анан кантип ал Коопсуздук кеңешинин башында турушу керек?» — деди Жапаров.

Театрлаштырылган шоу

Мурдараак 15-октябрда Коопсуздук кеңешинин катчылык кызматына дайындалган Кеңешбек Дүйшөбаев бул кызматтан кеткен. Дүйшөбаевдин ордуна президенттин милдетин аткарган Садыр Жапаров Рыскелди Мусаевди дайындаган.

Коопсуздук кеңешинин катчылык кызматынан кеткенден кийин Дүйшөбаев маалымат жыйын куруп, жаңы бийликти сынга алган.

Ал «коррупция жана криминалитет менен күрөшүп жатабыз» деген иш-чаралардын баары эле «театрлашкан шоуга айланып калды» деп билдирген. Анын айтымында, журналисттик иликтөөлөр менен фактылар турганына карабай бир да ведомство Райымбек Матраимовго кылмыш ишин козгой алган эмес.

«Жакында эле көрдүңөр, аны [Матраимовду] кармап, сурактан кийин чыгарышты. Ошол жерден “Матраимов күнөөлүү экен, анын кылмыш ишинен мамлекетке эки миллиард сом зыян келиптир, 80 миллионун төлөй баштады” дешти. Матраимовго буга чейин бир да кылмыш иши козголбосо, анда каяктан жүрүп анын күнөөсү такталды? Ким тактады? Кантип тактады? Элге чыгарышпайбы, ошону. Бүгүнкү күндө Матраимов күнөөлүү деген айып коюла элек да. Жапаров аны кетпөө тил каты менен бошотуу чечимин жеке өзү кабыл алгандыгын билдирди. Бирок ага бул ыйгарым укуктарды ким берди? Ал киши, эмне, прокурорбу? Сотпу? Тергөөчүбү? Конституцияда анын андай ыйгарым укугу жок да. Укуктук негизге бул канчалык жатат?» — деп суроо салган Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы.

Дүйшөбаевдин айтымында, шаардык сот белгилүү кримтөбөл Камчы Көлбаевди бошотот деген ыкчам маалымат бар. Анын кармалышы дагы «кенен жарнамаланган» деген пикирде.

«Ал бошотулушу керек, антпесе кылмыш дүйнөсү бийлик өзүнө алган милдеттерин аткарууну талап кылууну көздөйт», — деген ал.

Көлбаев менен Матраимовду кармоо

Кримтөбөл Камчы Көлбаев 22-октябрь күнү Бишкекте «Авангард» спортклубунда кармалган. УКМКнын басма сөз кызматы Көлбаев «уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигине жол бербөө жана аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында» кармалганын билдирген. Ал «Кылмыштуу уюм түзүү же ага катышуу» боюнча айыпталууда, учурда сотко чейинки өндүрүш башталды. Сот чечимине ылайык, Көлбаев «тергөө аяктаганча» УКМКнын тергөө изоляторуна (ТИЗО) киргизилген.

Ал эми Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин иликтөөсүнүн башкы фигуранты Райымбек Матраимов 20-октябрь күнү УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ошол эле күнү кечинде Матраимов Биринчи май райондук сотунун имаратынан коё берилген, ага ал тергөө менен кызматташууга макул болгону себеп болгон.

УКМК Матраимов ноябрдын аягына чейин 2 млрд сом зыянды төлөп берүүгө макул болуп, мамлекеттин эсебине 80 млн сом которуп койгонун билдирген.

Матраимов Садыр Жапаровдун үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиев УКМКны жетектеп баштагандан кийин бажыдагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармалган. Мындан тышкары, күч түзүм кызматкерлери бажыдагы коррупцияга тиешеси бар жана Матраимовдун чөйрөсүнө кириши мүмкүн 40 адам аныкталганын кабарлашкан.