Баткен облусунда COVID-19дан бир киши көз жумду

Акыркы суткада Баткен облусунда коронавирус жуктурган бир бейтап каза болду. Бул тууралуу 29-октябрда Республикалык штаб кабарлады.

Жалыпсынан Кыргызстанда COVID-19дан каза болгондордун саны 1 139га жетти. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 57 798 учуру катталды. Ооругандардын 49 097си илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.