Кыргызстандагы аялдар үй-бүлөлүк зомбулуктан коргонуп жатып, эки балээнин бирөөнү тандаганга аргасыз.
Кыргызстанда зомбулук көрсөткөн түгөйүнөн коргонуп, аны өлтүрүп же залал келтирип алган аялдар соттор менен тергөө органдарынан ырайым күтпөй деле койсо болот. Акыркы 5 жылда сот айыпталган аялды «актаган» бир гана учур болгон, бирок ал дагы кийин оюнан кайтып кеткен.
Биз сот актыларынын маалымат базасындагы түгөйүнө зомбулук кылганы үчүн соттолгон аялдардын окуялары менен таанышканда ушундай жыйынтыкка келдик. Алардын жарымы коргонуу аракетине карабастан колонияга кесилгендер.
Кыскача:
- Эгерде аял өзүнө кол салган түгөйүнөн коргонуп жатып аны өлтүрүп же ден соолугуна залал келтирсе, көбүнчө колонияга кесилет
- Тергөө органдарына коргонууну кылмыш катары баалаган ыңгайлуу — анткени алардын иш көрсөткүчүнө оң таасир берет
- Соттолгон аялдардын жарымы жубайы же чогуу жашаган адам ага такай зомбулук көрсөтүп турганына даттанган
- Жалпысынан эркектер уруп-тебет, ал эми аялдар бычак менен коргонушат, бирок соттор алардын ортосундагы физикалык айырмачылыкты эске алышпайт
Наргиза* жолдошу менен жашаган 12 жылда көптөгөн эле уруш-талаштар болгон, бирок ал олуттуу кырдаалга жеткен эмес. Бүт баары апрелдин бир күнүндө өзгөрдү. Наргиза кечке маал балдарын бала бакчадан алып, үйгө жөнөгөн. Үйдө аны жумаштан мас болуп келип, ашканада ичимдик ичүүнү улантып отурган күйөөсү күтүп алган.
*бардык каармандардын ысымдары өзгөртүлгөн
Наргиза ага көңүл бурбай, үй иштери менен алек боло берген. Кызына үй-тапшырмасын даярдаганга көмөктөшүп, жолдошун уктаганы жөнөтүп, балдарынын уктоочу кийимдерин кийгизип, өзү идиш-аяк жууганы жөнөгөн.
Сууну агызганча болбой, коңшу бөлмөдөн шырылдаган добуш чыккан. Эмне болуп жатат деп караганы барганда, уйкусураган жолдошу дааратканага жетпестен балдардын кийим-кечесине заара ушатып жатканын көргөн.
Бул эмне кылганың, сыртка чыкпайсыңбы деп айтканча болбой, жолдошу бери бурулуп Наргизаны чаап жиберген.
Наргиза ашканага чуркай качкан. Жолдошу артынан келип, башка муштап, үнүн чыгарбашын талап кылып кыйкырган. Жаалданган жолдошу менен чакан ашканада жалгыз калган Наргиза, колуна биринчи тийген буюмду кармаган — ал ашкана бычагы эле. Жолдошунун колуна илинбей качып кетүү үчүн бир нече жолу кылган аракети ишке ашкан эмес. Ашканадагы отургучтарга жашынса дагы болбой калган.
Күйөөсү дагы бир ирет чабайын дегенде, Наргиза бычак менен аны сайып жиберген, бир-эки секундадан кийин эмне кылганын аңдаган. Бул маалда күйөөсүнүн ичинен кан кете баштаган. Ал милицияга, тез жардам кызматына чалган. Тез жардам келип, күйөөсүн ооруканага алып кеткен.
Бир нече айдан кийин алардын иши сотто каралып, Наргизанын аракети коргонуу болгон деген жыйынтыкка келишкен. Өз өмүрүнө кол салган адамдан коргонуу үчүн ушул кадамга барган деп, сот тарабынан акталган.
Ушуну менен бул окуяга чекит коюлушу керек эле. Бирок прокуратура күйөөсүнүн доом жок деген билдирүүсүнө карабай, Наргизанын актоо өкүмүнө макул эместигин билдирип, жогорку инстанцияга доо арыз берген. Кийинки соттук отурумда Наргиза 5 жылга шарттуу түрдө кесилген.
Анын жактоочусу өкүмдү «адилетсиз» деп эсептейт. Балким, бул чындыгында эле оор жазадыр, бирок акыркы 5 жылда аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук ишинде «Коргонуу зарылдыгы» беренеси колдонулган жалгыз учур.
Биз миңден ашуун соттук иштерди карап түгөйүнө жаракат келтирип же өлтүрүп алган 37 аялды таптык. Алардын жарымы кол салуу учурунда коргонгонуна карабай жазага тартылган.
Сот актыларын анализдеп чыккандан кийинки негизги тыянак мындай: эгер аял кол салуудан коргонуп жатып, жыйынтыгында өнөгүн өлтүрүп же майып кылып алса, сот муну коргонуу катары карабайт. Аны канча жылга соттош керек деген гана суроо турат.
«Коргонуу зарылдыгы» деп эмне аталат? Эгер адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирилсе жана ал кооптуулук деңгээлин объективдүү баалай албаса, анда мыйзам коргонууга мүмкүндүк берет. Мындай учурда кол салып жаткан адамга зыян келтирүү, ал тургай өлтүрүү кылмыш болуп саналбайт. Ошол эле учурда кооптуулукту, ошондой эле коргонуу жана кол салуунун ченемдигин сот өзү баалайт.
Адвокаттар Кыргызстандын укук коргоо жана сот системалары актоочу өкүмдүн чыгуусу сотторго да, прокурорлорго да, тергөөчүлөргө да пайда алып келбегендей иштейт деген ойго келишкен.
«Бул эл аралык уюмдар жана отчёттор үчүн гана бар болгон өлүк берене. Бул берене чоң кызматтарда иштеген аткаминерлер жана алардын уулдары үчүн колдонулушу мүмкүн. Ал жөнөкөй жарандарга, өзгөчө аялдарга эч качан каралбайт», — дейт аялдын укугун коргогон адвокат анонимдүү шартында курган маегинде.
Эгер жабырлануучу доо арызын чакыртып, ал эми сот териштирүүнү улантпайын деп чечкенде аял киши айыптоочу өкүмдөн арыла алат. Бирок 2015-жылдан бери ушундай бир гана учур болгон.
Дагы бир фактор — дайыма кайталанган үй-бүлөлүк зомбулук. Соттук териштирүүдө соттолуучу коргонуу максатында же зомбулукка кабылуу коркунучунан улам бул кадамга барган деген жактоочунун аргументин бышыктайт. Бирок бул Кыргызстанда чоң деле мааниге ээ эмес.
Үй-бүлөлүк зомбулук өлкө үчүн чоң көйгөй, бирок зомбулук кылгандар көбүнчө жоопкерчиликке тартылбайт. Биз бул тууралуу «На виду у всех» аттуу материалыбызда жазганбыз.
Биз анализдеген документтерде аялдарды ур-токмокко алып, эсин жоготкуча сабап жана өлтүрөм деп коркуткан учурлар ортого чыкты. 37 аялдын 17си — башкача айтканда ар бир экинчиси — кол салуудан коргонгон. Булардын бардыгын сот коргонуу деп эсептеген эмес.
Ушул эле учурда, 8 аял түгөйүн майып кылып же өлтүргөнгө чейин дайыма зомбулукка кабылып келгенине даттанышкан.
Алина — алардын бири. Ал күйөөсү Максим менен жакшы жашап кете алган эмес, жубайлар көп учурда бирге ичип, андан кийин урушуп турушкан. Урушуулары мушташ менен аяктачу. Ушундай кырдаал көп жылга созулду, акыры ушундай урушуулар трагедия менен аяктады. Күндөрдүн биринде, эртең менен экөө бирге эки бөтөлкө арак ичкенден кийин Максим диванга жаткан. Алина анын жанына жатайын дегенде ал аялына лимонад бөтөлкөсүн ыргытып, муштуму менен башына согот, андан кийин бычак алып аны коркута баштайт.
Алина жолдошун кантип өлтүргөнүн эстей албайт. Ал көз алдында күйөөсү колуна бычак кармап турган учуру, андан кийин диванда кансырап жаткан маалын гана эстеп калган.
Сотто Алина кылган кылыгы үчүн өкүнгөн, бирок күйөөсү дайыма уруп-сабап келгенин айткан. Бул фактыны экөөнүн уулу дагы тастыктаган. Ал атасы көп учурда ачууланып жүргөнүн айткан. Ичкиликти көп ичкенде энесин бычак көтөрүп кубалагачу. Мындан улам энеси мончодо же короодо түнөп калган күндөрү көп болгонун айтып берген.
Сот Алинанын күйөөсүн өлтүрөм деген оюу болгон эмес деген жүйөөнү эске алган эмес. Соттун пикиринде, бир эмес эки жолу опурталдуу жерге бычак сайганы — атайылап адам өлтүрүү деп саналат.
Соттун өкүмү менен Алина аялдардын түзөтүү колониясына 8 жылга эркинен ажыратылган.
Аялдар үчүн «сот адилеттиги»
Система эркек менен аялдын ортосундагы физикалык айырмачылыкты эске албайт. Эгер аял коргонуп жатып бычак колуна бычак алса, тергөөчүлөр менен соттор муну алдын ала пландалган аракет катары баалашат.
Коргонуу болгон бардык учурларда аялдар чын эле кандайдыр бир куралдын жардамы менен коргонушкан. Көп учурда коргонуу үчүн ашкана бычагы алышкан. Эркектер жалпысынан уруп-согуп, муунтканга чейин барышкан.
Мындан тышкары изилдөөбүз көрсөткөндөй, аялдар дээрлик эч качан урушту өздөрү баштабайт. Бир гана өзүнчө учур болгон, анда өкүмдөн урушту ким баштаганы белгилүү болгон эмес.
Ошондой эле, аялдар жолдошунун ден соолугуна зыян келтиргенден кийин көп учурда аны куткарууга аракет жасашат. Айыпталган аялдардын көбү өздөрү милицияга жана тез жардамга телефон чалышкан, же туугандарынан чалууну өтүнүшкөн.
«Кол көтөрдүбү — далилдерди сактап кой»
Сот далилдерди ур-токмокко кабылган аялдар өзү чогултушун талап кылат — ал үчүн медициналык аныктамаларды топтоп, сабалгандан кийинки милицияга жазган арызын көрсөтүү керек.
«Сот — бул документалдуу орган. Бул жерде сөз менен гана: “Ал мени урду” деп коюу жетишсиз. Анткени атайы сүйлөшүлүп жасалган иштер дагы кездешет. Сот жалаң гана документтерге ишенгендиктен [...] жапа чеккен аял окуянын ушундайча бүтүшүн күтпөшү керек болчу. Кол көтөрдүбү, демек далилдерди сактап кой», — дейт мурдагы судья жана Кыргызстандагы айым-судьялар ассоциациясынын жашыруун калууну каалаган мүчөсү.
Судьянын пикиринде, мамлекет аялдарга күнөөсү жоктугун далилдөөгө бардык шарттарды түзүп берген. Аялдар мамлекеттик жактоочунун кызматын пайдалана алышат, кошумча документтерди жана экспертиза өткөрүүнү талап кылса болот.
Бирок Динаранын окуясында, маанилүү далил деп саналган экспертизанын жыйынтыгы деле аялдар үчүн соттун ырайымынын кепилдиги боло албастыгын айгинелейт.
Динара жолдошу менен дүкөндө уруша кеткен. Мас абалындагы жолдошу Адилет сатуучу аялдарды товар уурдадыңар деген шылтоо менен ыйлагандай акыбалга жеткирген. Динара сатуучуларын коргоо үчүн аларды үйлөрүнө кетирип жиберген. Андай кийин Адилет Динарага асыла баштаган.
Адилет аялы андан көп акча таба баштагандан кийин анын сөзүн укпай калганына кыжыры келген.
Алардын айтышуусу күч алып, көп өтпөй Адилет жубайын кулак тушка чаап жибергенде кулагы укпай калган. Анан соң аялын муунткан.
Түгөйлөр бири-бирин өлтүрөм деп коркуткан. Аялы «бир сокку менен өлтүрөм» деп кыйкырган, күйөөсү ага «дөңгө көмүп коём» деп айткан. Динаранын ачуусу келип, дүкөндө сатыкта турган бычак менен күйөөсүн сайып жиберген. Адилет жеринде каза болгон.
Бул окуяга чейин бир нече саат мурда ал спирт ичимдигин ичип, аялын чогуу ич деп мажбурлаган. Адилет адамды дүүлүктүрө турчу «Сиагра» дарысын ичип, дисктеги порно кинолорду көрүү менен көңүлүн ачып отурган. Жыйынтыгында ал дүүлүгүп, жубайын «видеодогудай» кылууга мажбурлаган.
Көптөгөн экспертизалардан кийин адистер Динара кордолуп, кемсинтилип, өзүнө өзү ээ боло албагынан жүз пайыз ынанышкан. Күйөөсү аны узак убакыт бою кордоп келген. Ошондой эле Динаранын денеси көгала болуп, баш мээси чайкалганын аныкташкан.
Психиатрлар аял күйөөсүн өлтүргөн маалда дайыма кайталанган үй-бүлөлүк зомбулуктан улам аффект абалында болгонун тастыкташкан.
Бул окуядан эки жыл өткөн соң, Дианараны кезектеги экспертизадан өткөрүшкөн. Ал дагы деле күйөөсүн өлтүргөн учурдагыдай эмоционалдык абалда болгон — коркуп, кайгырып, ыйлаган. Бул тууралуу алгачкы экспертизага катышкан врач сотто айтып берген.
Ал тургай сот дагы Динара күйөөсүн «укукка каршы жана абийирсиз жүрүм-турумуна» чыдабагандан кылмышка барган деп тапкан. Бул иште экспертизалар жетиштүү, Динарага актоо өкүмү чыгып, үйүнө барышы керек эле.
Бирок ал «катуу эмоционалдык толкундоо учурунда адам өлтүрүү» беренеси менен үч жылга эркинен ажыратылган.
Незигинен, Кыргызстандын сот системасы Советтер Союзу маалындагы ыкманы мурастап алган. Анда судьялар көп учурда айыпталуучуларды күнөөлүү деп эсептешет.
Мурдараак, «Клооптун» дата журналисттери биринчи инстанциясынын соттору 96% учурда айыптоочу өкүм чыгарышарын, ал эми кийинки инстанциялардын судьялары ал өкүмдөрдү күчүндө калтырарын аныкташкан.
Тергөөчүлөр үчүн KPI
Тергөөчүлөр кылмыштын бетин ачуу статистикасын жогорулатып турушу керек. Мунун айынан айыпталган аялдардын колонияга кесилүү ыктымалдыгы көбөйө түшөт. Иш боюнча материалдар сотко өткөрүлгөндөн кийин кылмыштын бети ачылган болуп саналып, ал статистикага кошулат.
Тергөөчүдө тандоо бар: ишти прокуратурага жөнөтүү же аны токтотуу. Эгер кеп коргонуу тууралуу болсо, ал кылмыштын курамы жок деп чечим чыгарып же кылмышты коргонуу зарылдыгы катары квалификациялай алат. Ошол эле учурда анын чечиминнн үстүнөн сотко даттанса болот.
Иштердин бетин ачуунун статистикасынын негизинде тергөө органдарынын иши бааланат. Мисалы, бул көрсөткүчкө кызматкерлердин кызматынан көтөрүлүүсү көз каранды.
Статистиканын артынан түшүүнүн айынан милиция кызматкерлери өткөн жылдын көрсөткүчтөрү менен жарышып, аны түшүрбөөгө аракет кылышат. Бирок мындай ыкманы алар өздөрү жана укук коргоочулар сынга алып келишет. «ИИБ ишмердигин баалоо системасы» изилдөөсүндө мындай системанын кесепети — бул кыйноолор жана кысым алдында күнөөнү мойнуна алдыруу деп түшүндүрүлөт.
2010-жылдан тарта милицияда кырдаалды өзгөртүп, коомдук ойду эске алууга аракет кылышууда. Мисалы, участкалык инспекторлор үчүн инструкция боюнча, ал жылы милициянын ишин сурамжылоолор жана ЖМКлардагы материалдар аркылуу баалашкан.
Бирок милиция кызматкерлери бул чоң роль ойнобогонун, балким жетекчинин оюн жакшыртышы мүмкүндүгүн айткан. Алардын айтымында, тымызын эреже бар, ал боюнча «участкалык милиционер» бир айда жок дегенде бир иштин бетин ачышы керек, болбосо тартипке чакыруу чарасы колдонулушу мүмкүн.
Бирок 2015-жылы жаңы документ пайда болуп, анда оор кылмыштардын бетинин ачылышынын маанилүүлүк критерийлери белгиленген — «Реформа жана натыйжа үчүн» кыймылынын катышуучусу жана изилдөөнүн авторлошу Тимур Шайхутдинов түшүндүрүп бергендей, жарандык коом жана укук коргоо органдарынын бир бөлүгү буга дайыма каршы болуп келген.
Ошол себептен тергөөчүлөр оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жеңилдетүүчү жагдайларсыз квалификациялоого, ал эми коргонууну өлтүрүү катары баалоого кызыкдар.
«Милицияда баалоо системасы формалдуу түрдө канчалык өзгөрбөсүн, анын өзөгү ошол бойдон кала берет. Өзөгү болсо — бул бети ачылган кылмыштардын жана мыйзам бузуулар тууралуу түзүлгөн протоколдордун саны. [...] Система статистикада башка кызматкерлерден эмне сурарын түшүнө элек, маселе ушунда», — дейт Шайхутдинов.
Анын айтымында, депутаттар жарандардын ишенүү деңгээлине же башка маанилү маселелерге көңүл бургандын ордуна министрден бети ачылган кылмыштардын статистикасын сурап, эски ыкманын сакталышына салым кошууда.
Азыркы тапта эмне кылса болот?
«Коргонуу зарылдыгы» беренесин квалификациялоо учурунда колдоно башташы үчүн сот акыйкаттыгы системасын оңдоо керек.
«Ачык линиянын» жетекчиси Мунара Бекназарова Кыргызстанда сот акыйкаттыгы системасынын үстүнөн «көзөмөлдү күчөтүп», туура эмес чечимдерди уяткарыш керек деп эсептейт.
Ыкмалардын бири — сот прецеденттерин түзүү жана аларды ЖМКда массалык чагылдыруу болуп эсептелет. Журналисттер ачык жыйындарга катышып, коргонгону үчүн эле түрмөгө отуруп калбоого күрөшкөн аялдардын жеке окуяларын чагылдыра алышат.
«Ачык линия» (ред. — орусча «Открытая линия») —Кыргызстанда аялдар укугун коргоо боюнча алдыңкы уюм. Фонд үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо тууралуу мыйзамдарды колдойт.
Окуялардын жалпыга ачыкталышы акыры судьялар өкүм чыгаруу алдында далилдерди көп талап кылып, ишти жакшыраак изилдей башташаарына алып келет.
Судьялар менен тергөөчүлөргө мындай кылмыштар менен кантип иштөө керектиги тууралуу усул китептерди да иштеп чыгуу керек.
Мындай усулдардын пунктарынын бири, эки эксперттин оюнча, үй-бүлөлүк зомбулуктун деталдуу текшерүүсү болушу керек. Ал үчүн амбулатордук экспертиза эмес, стационардык экспертиза жүргүзүү керек. Экинчиси өзүнүн уланмалыгы жана психиатриялык ооруканаларда дыкат ык-амал көрсөтүлгөндүгү менен айырмаланат, бирок иш жүзүндө анчейин популярдуу эмес.
Биздин тандоодогу аялдардын жарымынын иши туура эмес же адилетсиз бааланганын аныктадык. Бул тууралуу мамлекеттик деңгээлде сөз кылуу зарыл. Ал эми биздин анализдин жыйынтыгын акыйкатчынын жыл сайын айтылуучу отчетуна киргизүү керек.
Эгерде Кыргызстанда аялдар дайыма кайталанган үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чекпегенде, ал эми сот ушул жана башка фактыларды эске алганда, биздин иликтөөнүн каармандары эркиндикте жүрүшмөк.
Соттун бүтүмүнө апелляция жана даттануу жазуу аркылуу өкүмдү өзгөртүүгө болот. Бирок, ал үчүн камакка алынган аялдардын өзүнүн демилгеси же туугандарынын жана өкүлдөрүнүн катышуусу зарыл.
Материалдын үстүндө иштегендер:
Автору: Евгения Михайлиди
Контрибьютор: Элдияр Бакиров
Юридикалык эксперт: Фатима Якупбаева
Программист: Алексей Гуляев
Иллюстрациялар: Алина Печёнкина
Верстка: Азиза Раимбердиева
Которгондор: Бегайым Талантбекова, Кайрат Замирбеков, Расул Үсөналиев
Редакторлору: Азиза Раимбердиева, Анастасия Валеева, Анна Капушенко, Элдияр Арыкбаев
Ментору: Андрей Газин
Бул материал КРдеги USAIDдин колдоосу жана Дүйнөлүк банк, DFID жана IDEM менен өнөктөштүктө ишке ашкан «Кыргызстандагы Интерньюстун» «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика боюнча программанын стипендианттары тарабынан даярдалды. Программанын ментору Анастасия Валеева. Материалдагы пикирлер жана тыянактар «Интерньюстун» жана анын өнөктөштөрүнүн пикирин билдирбейт.