Акыркы суткада коронавирустун жаңы 596 учуру катталды — анын 136сы Бишкек шаарында

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штабдан 30-октябрда коронавирустун жаңы 596 учуру катталганын маалымдашты. 

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 136;

Баткен облусу — 112;

Жалал-Абад облусу — 91;

Ош облусу — 64;

Чүй облусу — 89;

Ош шаары — 23;

Ысык-Көл — 35;

Талас облусу — 39;

Нарын облусу — 7.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 58 394кө жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 20 262. Ал эми Чүй облусунда — 6 528, Ош облусунда — 6 535, Жалал-Абадда — 6 968, Ысык-Көлдө — 4577, Ош шаарында — 4 475, Баткенде — 5 407, Нарын облусунда — 1 853 жана Талас облусунда — 1 789 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 425 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 90, Ош облусунан — 59, Жалал-Абад облусунан — 85, Ош шаарынан — 27, Баткен облусунан — 86, Чүй облусунан — 39, Ысык-Көл облусунан — 21, Нарын облусунан — 4, Талас облусунан — 14 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 49 522 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 3 359 бейтап, ал эми үй шартында 3 814 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 142 адамдын өмүрүн алды.