Өкмөт «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырды. Бюджеттин таңкыстыгы 8 млрд сомго жогорулап, жалпы 35,6 млрд сомго жеткен. Буга бюджеттин киреше бөлүгүндөгү өзгөрүүлөр жана 2020-жылдын экинчи жарымындагы чыгашалар таасир эткен.
Каржы министри Кыялбек Мукашевдин айтымында, учурда 2020-жылга карата республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 137 млрд 131,4 млн сом суммасында күтүлүүдө, бул 2020-жылга карата биринчи ирет такталган бюджеттин кирешесине салыштырмалуу 1 млрд 784,6 млн сомго жогору .
Республикалык бюджеттин жалпы чыгымы 9 млрд 733,7 млн сомго жогорулоо менен 172 млрд 772,8 млн сом суммасында күтүлүүдө. Ал эми бюджеттин тартыштыгы 7 млрд 949,1 млн сомго жогорулоо менен 35 млрд 641,4 млн сом суммасында күтүлүүдө. Бюджетке түзөтүү киргизүү бир добуштан колдоого алынып, эми мыйзам долбоорун парламент кезексиз тартипте карап чыкмакчы.
Азырынча мамлекет социалдык милдеттерин кечиктирүүсүз аткарууда: жөлөк пул, пенсия жана айлык маяна төлөнүүдө. Бирок өкмөт бюджетти толтуруунун ички булактарын издеп баштады.
Бюджетти кантип толтуруш керек?
Вице-премьер-министр Артём Новиков фискалдык органдарга кайрылып, ички резервдерди карап чыгууну жана бюджеттин толтуруу боюнча варианттарын көрсөтүүнү сунуштады.
«Социалдык милдеттенмелер ички булактар эсебинен жабылышы керек, ал эми тыштан келип түшүүлөрдү экономиканы өнүктүрүүгө багыттоо зарыл», — деп эсептейт ал.
Президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров дагы өз демилгелерин сүрөмөлөгөн. Ал 21-октябрда экономикалык мунапыс жарыялаган. Коррупционерлерге, мурдагы жана учурдагы аткаминерлерге, ведомство башчыларына, бажычыларга, финансисттерге жана кирешесин аз көрсөтүп жүргөн ишкерлерге кайрылып, казынага түшпөй калган, уурдалган акчаларды кайтарууга 30 күн убакыт берүүнү сунуштаган.
Андан соң Жапаров бюджетти 2 айда толтурушу керек болгон Жазык кодексине түзөтүүлөрдү демилгелеп атканы белгилүү болгон. Ага ылайык, эгер адам «Мыйзамсыз ишкерлик кылуу». «Салыктан качуу», «Аткезчилик», «Коммерциялык сатып алуу» жана «Коррупция» беренелери боюнча шектелип, тергөө менен кызматташууну чечсе, анда ал зыяндын ордун тургузуп, сотсуз эле эркиндикке чыгат.
Бирок мыйзам долбоорунда коркунуч алып келе турган жагдайлар бар: ал ишкерлердин жана жакпаган аткаминерлердин «айласын кетирүү», анын ичинде аларды кылмыш иштеринде шектүү кылуу үчүн колдонулушу мүмкүн.