Жалал-Абад: Бири-бирине ок аткан эки кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Сүрөт: T-Media

ИИМ 29-октябрда Жалал-Абад облусундаe кылмыштуу эки топтун алты мүчөсү кармалганын билдирди. Алар буга чейин бири-бирине ок атып чыр чыгарышкан.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын төртөө бир топтун, экөөсү башка бир топтун мүчөлөрү. Жалпы алты кишинин үчөө уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турушат.

Кармалгандар «куралды мыйзамсыз колдонууга» жана «ээнбаштыкка» шектелип жатышат. Алар облустагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Буга чейин 8-октябрда Жалал-Абад ОИИБи Сузак районунун Достук айылынын аймагында белгисиз киши бир нече адамга ок чыгарганын маалымдаган.

Анда «Лексус 470» унаасында бара жаткан бир нече кишини айылдын чыга беришинде «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу токтотуп, сайсыз ок атуучу куралдан аларды көздөй ок чыгарганы айтылган. Мындан улам эки киши жарадар болуп, райондук ооруканадан амбулатордук жардам алганы белгилүү болгон.

Милиция чырдын келип чыгуу себебин айткан эмес. Бирок айрым ЖМКлар окуяга уюшкан кылмыштуу топ аралашканын, жаңжал пикир келишпестиктен улам чыкканын жазышкан.