Сузак: Милиция бир нече кишиге ок чыгарган айдоочуга байланыштуу ишти тергеп жатат

Сузак району

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Достук айылынын аймагында 8-октябрда ок атылды. Натыйжада эки киши ооруканага жардам сурап кайрылды.

Милициянын маалыматы боюнча, «Лексус 470» унаасында бара жаткан бир нече кишини айылдын чыга беришинде «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу токтоткон. Андан кийин сайсыз ок атуучу куралдан аларды көздөй ок чыгарган.

Жол тандабастын айдоочусу жана жүргүнчүлөр талааны көздөй качышкан. Атылган октон жаракат алган эки киши Сузак райондук ооруканасынан амбулатордук жардам алганы белгилүү болду.

Окуя болгон жерден Сузак РИИБинин ыкчам-тергөө тобу белгисиз ок атуучу куралдын үч даана огун, тогуз даана гильзаны табышкан. Ал эми «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа милициянын имаратынын короосуна киргизилди.

Turmush басылмасы жеке булактарга таянып окуяга уюшкан кылмыштуу топ аралашканын, жаңжал пикир келишпестиктен улам чыр чыкканын маалымдады.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан окуянын келип чыгуу себебин тактоо мүмкүн болгон жок. Тергөөнүн кызыкчылыгынан улам маалымат берүүдөн баш тартышты.

Бул факт Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Мындан эки күн мурун Аксы районунда эки айылдын тургундары Кербен шаарынын тургундары менен Ак-Дөбө айылынын жаштары ортосунда Аксы районунун акимин аныктоо маселесин талкуулап жаткан учурда чыр чыккан. Чыр массалык мушташка айланып, ок атуучу куралдан асманга үч жолу ок чыгарылган. Мушташтан төрт тургун жабыркап, анын бирине бычак сайылганы белгилүү болгон.

Тема боюнча:

Аксыда эки айылдын тургундары акимдин ордун талашып жатканда ок атылды