Психологиялык тесттен өтүп, жубайыңыз, жолдошуңуз жана өнөгүңүз менен болгон мамилеңиздин бекемдигин билип көрүңүз. Анын жыйынтыгы менен сиз кандай өнөктөш экениңизди биле аласыз.

Бул тест АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фондунун колдоосу менен «Жергиликтүү өзгөрүү» долбоорунун «Көп жаша» кампаниясынын алкагында даярдалды.

Үй-бүлөлүк зомбулук

Коронавирус пандемиясы Кыргызстанда күч алып, өзгөчө абал режими киргизилгенде өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун саны эки эсе өскөн.

Кризистик борборлор бирикмесинин маалыматына ылайык, 25-марттан 9-апрелге чейин «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси боюнча 354 жорук катталган. Бул өткөн жылга караганда эки эсе көп.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстан боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан эң көп аялдар жабыркаган — 5 659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсе аз — 486.

Эгер сиз үй-бүлөдө такай ур-токмоктон жабыркасаңыз же жакындарыңызда, тааныштарыңызда ушундай окуялар тууралуу билсеңиз, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу мыйзам боюнча милицияга кайрылсаңыз болот. Алар сиздин кайрылууңузду каттап, жабыркаган адамга корук кат бериши керек. Бул мыйзам төмөнкүдөй иштейт:

ТЕМА БОЮНЧА