Жапаров «элден коркуп качып кеткен кадрлар» гана алмашканын айтты

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

3-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Ош шаарындагы стадиондо тургундар менен жолукту. Алгач Жапаров элге кайрылып, андан кийин жарандардын суроолоруна жооп берди. Эл менен болгон жолугушуу 1,5 сааттай болду.

Тургундардын бири Жапаровго кайрылып, жакшы иштеп жактан кызматкерлерди ордуна кайтарууну суранды. Өз кезегинде өкмөт башчы мамлекеттик кызматтагы «бир аз эле кадрлар» алмашканын айтты.

Андан сырткары, мамлекеттик кызматтагы башчылардын башаламандыктар болуп жатканда «ар кандай кадамдарга барганы жана элден коркуп качып кеткендери» гана алмашканын кошумчалады. Ал бул «убактылуу гана» экенин белгилеп, кызматкерлерди дайындоо шайлоодон кийин болоорун айтты.

«Башка кадрлдар азыр алмашылбайт. Качан гана шайлоолор бүтүп, реформа башталганда гана ар бир тармакка өзүнүн адистиги менен бара баштайт. Алмашарда комиссия түзүлүп, конкурстун негизинде тандалат», — деп жооп берди ал.

Жапаров «бир аз гана кадрлар алмашты» дегени менен ал жетектеген өкмөттүн курамы дээрлик толугу менен алмашкан. Ошондой эле, бүт облус башчылары жана айрым райондордун акимдери да жаңы дайындалды.

Мындан улам айрым аймактардагы алмашууларга нааразы болгон тургундар башчыларын кайтарууну талап кылып митингдерге да чыгышкан.