Өзгөн: Тургундар мурдагы акимди кайтарууну талап кылышууда

Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары 23-октябрда райондук администрациянын алдына чогулуп, митинг өткөрүштү. Алар мурдагы аким Болот Дыйканбаевди кайтарууну талап кылышууда.

Акимияттын алдына чогулган 50дөй адам өлкө башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго кайрылып, буга чейинки акимге ишин улантууга шарт түзүп берүүнү суранышты.

Ошондой эле, райондун тургундары соцтармактарда да акимдин кызматтан алынганына нараазы болушууда.

«Бизге Болот Дыйканбаев мындан ары ишин улантуусу керек. Өз ишин мыкты билген, жаш, идеясы бар аким катары ал ордунда калышы керек», — деп жазган колдонуучулардын бири.

Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев райондогу тынчтык митингине чыккандар тарап кетишкенин, ал эми алардын өкүлдөрү облустук администрацияга келишкенин билдирди.

Обладминистрациянын басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы администрацияга 45тей тургун келгенин, аларды өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдраимов кабыл алганын ырастады.

«Учурда облус жетекчиси райондун тургундарынын талаптарын угуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат», — деди Кадырбек кызы.

Дыйканбаев кызматка үстүбүздөгү жылдын август айында келген. Ал эми 21-октябрда өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров аны кызматынан бошотуп, ордуна Руслан Мейматкуловду дайындаган.