Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өлкөдөгү конституциялык реформа боюнча кайрадан үн катты. Ал бул тууралуу тарапташтары аны 6-октябрга караган түгү абактан бошотуп чыккан күндөн бери айтып келет.
Жапаров 3-ноябрда Ошто тургундар менен жолугушуу учурунда жаңы Конституциянын долбоору даяр болуп калганын билдирди. Ал бийликти узурпациялоо боюнча өзүнө тагылып аткан айыптарды моюндабай, өзгөртүүлөр ачык-айкын киргизилээрин айтты.
«Конституциялык реформаларга барабыз деп долбоорлорду даярдадык. Бут тосуу абдан күч. “Бийликти узурпация кылганы жатат, Түркмөнстан болгону жатат, Конституцияны жабык эшик артында даярдап жатышат” деп сындашууда. Эч кандай жабык даярдалган жок жана даярдалбайт дагы. Бардыгы коомчулуктун талкуусуна чыгат», — деди Жапаров.
Анын айтымында, 10-15 күндөн кийин долбоор Конституциялык кеңешменин жана парламенттин талкуусуна коюлат. Ал түшүндүрүп бергендей, башында долбоор Жогорку Кеңеште кабыл алынса батыраак болорун ойлогон, бирок жарандык сектор депутаттардын ыйгарым укуктары 28-октябрда бүтөрүн белгилеген.
«Ошондон улам Конституциялык кеңешме түзүп туруп, ошого беребиз. Конституциялык кеңешмеге өкмөттүк эмес уюмдардан баштап кызыккан адамдардын баарын киргизебиз. Кеңешменин отуруму түз эфирде берилип турат», — деди ал.
«Бардыгы үчүн эшик ачык»
Конституциялык кеңешме тууралуу Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек да билдирди. Анын айтымында, бул Конституция элдин негизги талаптарын чагылдырышы үчүн жасалып атканын айтты.
«Эгер эл жалпысынан конституциялык реформанын идеясын колдоп аткан болсо, эл аралык жана юридикалык коомчулук эки маселенин үстүндө кабатыр болууда. Биринчиси — эмне үчүн Конституциянын долбоору эксперттерди, юристтерди жана жарандык коомду тартпастан жабык эшик артында даярдалууда? Экинчиси — Жапаров Конституциянын долбоорун иштеп чыгууну кимге тапшырат?» — деп түшүндүрдү ал.
Анын айтымында, реформа коомчулуктун арасындагы кеңири талкуу жана талаш-тартыштарды эске алуу менен «ачык айкын» өтүүгө тийиш.
«Долбоордун ар кандай саясий топтор, жарандык активисттер, эксперттер сунуштаган бир нече варианттары иштелип жатат. Конституциянын бирдиктүү долбоорунун үстүнөн иштөө үчүн коомчулук менен кеңири консультация өтөт. Кесипкөй жана жөндөмдүү адамдар конституциялык кеңешменин курамына чакырылат. Эшиктерибиз баарына ачык», — деди Жапаровдун басма сөз катчысы.
Конституциялык реформа
Конституцияга ылайык, референдум өткөрүүнү парламенттин депутаттары, 10 миң шайлоочу же өкмөт демилгелей алат. Анткен менен бул учурда конституциялык реформаны президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров демилгелеп жатат.
Жапаровдун «конституциялык реформа жүргүзүү идеясын эл колдойт» деген билдирүүсүнө карабай, жарандык коом өлкөнүн баш мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы. Юристтер депутаттар менен Жапаров конституциялык реформа жасоону регламент тартибин жана адам укуктарын бузуу аркылуу өткөрө турган мыйзам кабыл алды деп эсептейт.
Алардын айтымында, мыйзам долбоору «жогорудан» түшкөн, ал коомчулук тарабынан талкууланган эмес, ошондой эле дароо үч окуудан кабыл алынган.
Кыргызстандагы саясий кризис
Кыргызстанда октябрь айынын алгачкы аптасынан бери саясий кризис өкүм сүрүүдө. 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыгы жарыялангандан кийин Бишкекте митинг башталган. Шайлоонун жыйынтыгына макул эместер борбордук Ала-Тоо аянтына чогулушкан.
БШК жарыялаган жыйынтык боюнча Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ошол учурдагы бийликке тиешелүү делген партиялар өтүп аткан. Алар — «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары.
5-октябрдан алтысына караган түнү митингчилер менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп, натыйжада Ак үй басып алынган. Башаламандык учурунда протестке чыккандар бир катар камактагы адамдарды бошоткон. Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана экс-депутат Садыр Жапаров болгон. Жапаров 2013-жылдагы адамдарды барымтага алуу иши боюнча 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан болчу.
Жапаров абактан бошотулгандан кийин өзүн премьер-министр атап алган.
Алтынчы чакырылыштын депутаттары үч жолку аракеттен кийин гана Жапаровду премьер-министрликке бекиткен — бардык добуш берүүлөр митинг өткөрүү, эл өкүлдөрүнүн дарегине коркутуулар менен коштолгон.
Жапаров ошол эле күнү эки тараптуу макулдашууга ылайык, Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кыларын айткан. 16-октябрда депутаттар Жээнбековдун отставкасын кабыл алып, президенттин милдетин аткаруучу жана ошол эле учурда премьер-министрлик милдетти Садыр Жапаров өзүнө алган. Анткени парламенттин спикери Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан.