Өлкөдө коронавирус жуктурган төрт бейтап каза болду

Республикалык штаб 4-ноябрда коронавирусту жуктуруп алган төрт бейтап каза болгонун кабарлады. Көз жумгандардын үчөө Бишкек шаарында, дагы бир бейтап Баткен облусунда катталды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан каза болгондордун саны 1 163кө жетти. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан. Министрлик 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 60 774 учуру катталды. Ооругандардын 51 815и илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.